Султан Садыралиев "Кыргыз бийи"
03:35
6,57 Мб
Жүктөлгөн: 09-06-2014
Жанр: Поп
Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону: М. Ниязов, А. Отунчиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.31/5
(36 добуш)
Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.

Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.

Кайырма:

Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.

Кайырма:

Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.

Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.

Кайырма:

Комментарийлер (45)

09.06.2014. 23:54
 dastan_nookat
Азаматсыз!!!!
10.06.2014. 00:28
 aldiyar97
Азаматсыз Султан!Ырды укканда эргуу алып,адреналин топтоочудай экен.
10.06.2014. 04:20
 suiutbekov1989
Хит ырлардын бироосу болот куда кааласа азамат ийгилик султан
10.06.2014. 09:52
 hihikayu
iiiy biylebeyin desem biyletetko soonun jakty.
10.06.2014. 17:45
 naka
Super!!!
11.06.2014. 08:47
 akzuura
Радиодон угуп суперге чыкканча шашкам чыгарма учун рахмат сизге соонун ыр болгон.
11.06.2014. 16:40
 Realtilia
менин оюмча кара жоргонун экинчи варианты
11.06.2014. 18:29
 nurando
Жакпады
11.06.2014 18:34
akzuura
nurando, жакпаса укпа бул чыгарманы жактырбасан кыргыз эмес экенсин
Комментарийлерди жашыруу
11.07.2014 07:58
adiletik
молодец
17.11.2014 13:25
safari
akzuura, дароо эле кыргыз эмессин дегенден алыс болсонуз жакшы болмок. Жакпагандарга жакпайт да мунун эмнеси бар экен....
Кээ бир адамдарга эч тушунбойм да бироо учун жыйынтык чыгарып коюшат, айдан тушконсуп
11.06.2014. 20:03
 konfetka_dia
эн сонун экен,азамтсыз
11.06.2014. 23:36
 talant87
кайдан откорсом болот ырды
12.06.2014. 06:37
 melek1
Kutup jurgom daaaa.rahmat sonun))
12.06.2014. 09:37
 ere
акыры менин суранычым аткарылыптырда эээээхххх
13.06.2014. 02:00
 XAN-TORO
Кара жоргонун бийин бийлесе кантет ушул ырга жарашчуудай. Сонун!!!
17.06.2014. 11:32
 MIRA
Султан ишине ийгилик!!!!!! Качан концерт коесун кутуп жатабыз!!!Абдан жакшы ыр болуптур созу да обону да уну да куп жарашып куюп койгондой болуптур!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
17.06.2014. 22:42
 Jomi
Жакшы чыгарыптыр. Кыргызча движение менен бийлетет тура
18.06.2014. 00:48
 fanatkg
Супер!
18.06.2014. 13:44
 mi-li-na
Мыкты, мыкты жана да мыкты!!! Элдик, салттуу ырларды Султан ото жакшы аткарат, болгону шаман болбо;)
18.06.2014. 22:16
 Alisher
SUPER en jaksi Eldik ir boluptur 2014 toylordun korkun achsa kerek...iygilik jaksi irlardi jarata ber...
23.06.2014. 11:37
 mekenim_ton
кыргыздардын эн мыкты ыры!!!! тойлордо жанырып жатат!!!
04.08.2014. 01:04
 Farida11
Азырынча Асел Касмакунованын Кара жоргосу жетпейт экен. Султан бийлесе жакшы болмок, бийлегенин көрө элекпиз.
05.08.2014. 12:00
 aske.
Соз жок эн сонун ыр болуптур.
14.08.2014. 00:23
 Eseke2013
Эээээхххх сооонун ыр болуптур ишинизге ийгилик султан байк
15.08.2014. 02:27
 nabi89
Азаматсын султан сен ырларын кыргыз элиме жагат барыга ийгилик сага
19.08.2014. 14:21
 oki-doki
сөзүн Кыялбек Урмамбетов жазып, Азамат Отунчиев жана Мирлан Ниязов обонун чыгарган. Ырды ырдагандарга гана эмес авторлорго да ыраазычылык билдириш керек. Супер жазып койгула да авторлорду!
21.09.2014. 18:03
 Beka0001
султан ырн сонун екен супер +5
23.09.2014. 22:32
 Jomi
Урматтуу Супер - Инфо, эгер мүмкүн болсо, ушул "Кыргыз бийи" ырынын минусовкасын жүктөп коюңуздарчы, сураныч. Алдын ала ыраазычылык билдирем.
24.09.2014 15:20
admin_media
Jomi,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз, Элдик аудио бөлүмүнө минус жүктөп жаткан колдонуучулардан сурап көрүңүз. http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
Комментарийлерди жашыруу
16.01.2015 05:43
kg.balakai
admin_media,Саламатсызбы, Султан Садыралиевдин Бийиктейбиз Бириксек аттуу ырын кайдан тапсам болот
16.01.2015 09:38
admin_media
kg.balakai, саламатсызбы! Аракет кылабыз, сунушуңузга рахмат!
19.01.2015 00:02
kg.balakai
admin_media,менин суранычым эмне болду?
19.01.2015 17:36
admin_media
kg.balakai, колубузга тийсе эле жүктөп коюуга аракет кылабыз, түшүнүү менен кабыл алып күтө турасыз деген ойдобуз.
30.01.2015 18:04
kg.balakai
admin_media,менин суранычымы аткара албайсынарбы э
20.10.2014. 18:09
 shaiyrkyz
Супер инфо эмнеге кочуруу мумкун эмес деп жатат?
21.10.2014 12:20
admin_media
shaiyrkyz,
Саламатсызбы!
Оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу азырынча көчүрүү мүмкүн эмес.
28.10.2014. 08:52
 Ulashkin1717
myna emi waaalkyldagyla:)
12.12.2014. 14:13
 Akshumkar
Жакшы ыр болуптур брейк данс
26.01.2015. 01:51
 emamika
Байкап туруп уккан адамдар,бали Султан кыргыз жигити десин!!!)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо