Ильгиз Абдалиев "Жүрөк сезет"
04:38
4,23 Мб
Жүктөлгөн: 10-06-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Э. Ибраевдики
Обону:А. Керимбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(5 добуш)
Кайда менин, кайдасың, көгүчкөнүм?
Түштө көрүп, өңүмдө көрүшпөдүк.
Көлдө сүзүп жүргөн бир ак куу болбо?
Көп издедим өзгөчө, көп издедим.

Кайда менин, кайдасың, карлыгачым?
Үмүт отун сезимге жандырасың.
Жымыңдаган көктөгү жылдыз болуп,
Качан келип эңсөөмдү кандырасың?

Каркыралар кайдадыр шашып барат,
Кыркар тарткан тоолорду ашып барат.
Ошолордун тобунда өзүң болбой,
Сагынычым жүрөктөн ташып барат.

Жүрөк сезет аз калды табарыма,
Жакындаштык жолугуу абалына.
Бизди бир күч жетелеп бара жатат,
Махабаттын жашыл жээк аралына.

Комментарийлер (10)

10.06.2014. 23:43
 perlywka92
Чынын да журок сезет чыгармачылык ийгилик илгиз мырза бар болун
12.06.2014. 06:17
 jurek.96
kochuryb aluga jaraytbi
12.06.2014. 18:43
 moskva2014
Jakwy yr eken sozun jazyp koisozdor jakwy bolmok super.kg surany4
13.06.2014 14:30
admin_superstan
moskva2014, сөзү жазылды.
13.06.2014. 14:12
 Мэри
Бул менин ырым болчу да )))
2-саптын обонун туура эмес ырдаптыр...
15.02.2021 09:02
muzykant
Мэри,Асанкалый Керимбаевдики го деп жүрсө сеники беле.Бир ырдап чыгып алып эле менчиктебей жүргүлөчү.
23.06.2014. 23:35
 nuraiko
admin salamatsyzby karaap karaap koz jawym soolup barat degen yrdy jai muzyka menen kim yrdait ele owol yrdy kowup koiunuzdar4y surany4
24.06.2014 10:28
admin_superstan
nuraiko, Кубаныч Сатаевдики:
http://www.super.kg/media/audio/67875/
02.08.2014. 16:44
 vera23
Сонунго уну жакты!комуз менен ырдап журсо жарашат екен
26.08.2014. 18:33
 Zair_Alimov

Кайда менин, кайдасың, карлыгачым?
Үмүт отун сезимге жандырасың.
Жымыңдаган көктөгү жылдыз болуп,
Качан келип эңсөөмдү кандырасың?
Гитарада ырдап кордум эле, сонун чыгат экен э ушул ыр
Суперде супер обондуу жакшы ыр+555
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо