Аида Маканбаева "Мени таштаба"
03:00
3,43 Мб
Жүктөлгөн: 12-06-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Жүрөк толкуп ашыга,
Гүлдөй жайнап ачыла.
Сезимдерди арнадым,
Жаным, сенин гана атыңа.
Көрбөй калсам сагынам,
Көздөрүңө жалынам.
Асылкечим, ардагым,
Сени жакшы көрөм баарынан.

Кайырма:
Жүрөгүм сен деди, өзүңдү эңседи,
Жалгызым болдуң сен эми.
Сүйүүнүн бешигин өзүң деп термедим,
Жаз болуп мага кел дедим.
Кубанам бактыма, жанымда барыңа,
Ак сүйүү толкуп канымда.
Сүйөмүн бир сени мен, жаным,
Мени таштаба.

Жок нерсемди бар кылган,
Сүйүү отун жандырган,
Жалгыз гана бир өзүң.
Жаным, махабатка мас кылган,
Жарыктай жалжылдаган.
Сен барда чексиз аалам,
Зор бакыт тартуулаган,
Сүйүүгө кылбайм мен арман.

Кайырма:

Комментарийлер (13)

12.06.2014. 15:00
 Bat
Укмуш ырдайт да.
12.06.2014. 15:03
 Bat
Супер инфо Аида тууралуу жазгылачы кайда эмне менен алек дегендей.
12.06.2014. 16:15
 dastan_nookat
"Той Ыры" деген ырын жуктоп койсонуздар сураныч,суранам отуном,алдын ала чон рахмат! админ
12.06.2014 16:20
admin_media
dastan_nookat,
Саламатсызбы! Сиз сураган ырды аткаруучу жаңыдан жаздырып жаткандыгын кабарлады. Берери менен жүктөп коюуга аракет кылабыз. Сунушуңузга рахмат!
Комментарийлерди жашыруу
12.06.2014 16:23
dastan_nookat
admin_media,рахмат кутом! терезе ырын дагы жуктоп койсонуздар отуном
12.06.2014. 20:58
 Jamalym
Айжамал Кабылова ырдайт беле бул ырды?
13.06.2014 14:51
hihikayu
Jamalym, ooba menda ukkandai bolup jatam!
17.06.2014. 15:22
 Asianat
Бул ырды элге тааныткан да,бактын ачканда Айжамал Кабылова!!!!
19.06.2014. 05:06
 turatbekovna81
Бул Айжамал Кабылова ырдаган ыр.Айжамал озу эле ырдасынчы Аида. Адамдын журогуно жеткире ырдайт.
19.06.2014. 10:09
 Bat
Бул ырды Айжамал ырдап жургон,Аида деле жакшы ырдаган Аиданын уну деле не подарок, Айжамалдан кем калбайт.Кызбуракта жургондо эч ким бул кызды которбой койду Сайкал озу эле чыгып.
01.07.2014. 13:54
 jypara1415
Ар бир ырды биринчи ким ырдаса , ошол унго кулак коно тушот . Ал эми Аида да жакшы ырдайт , бирок Айжамал деген АЙЖАМАЛ даа .
20.07.2014. 05:10
 nazikolove
Айжамал жакшы ырдайт.
02.10.2017. 18:29
 Alleria
Айжамал жакшы ырдайт бул ырды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо