04:09
3,79 Мб
Жүктөлгөн: 16-06-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
Кашы да, көзү ойнок,
Мурду кырдач, оозу оймок.
Бир кыз бар мага коӊшу,
Э коём аны кээде ойноп.
Мен, эгер ага коӊшу болбосом,
Чырайына кимдер тоймок?
Эгер менин ордумда башкалар болсо,
Кудалап эчак коймок.
Кайырма:
Керилет да ай ай ай, зеригет да,
Ханышадай ойлор жеткис.
Сезилет да ай, ай, ай,
Эрини, эрди алча,
Кызыл көйнөк, кызыл парча.
Көз салып, бирок жетпей,
Э тамшанып жүрөт канча?
Ал түндөсү көпкө уктабайт да,
А бирок, турат эрте.
Ал ыйманду, ал жакшы окуйт,
Жакшы кыз го, бирок эрке.
Кайырма:
Керилет да, зеригет да,
Ханышадай ойлор жеткис.
Сезилет да, ай, ай, ай.
Мен эгер ага коӊшу болбосом,
Чырайына кимдер тоймок?
Эгер менин ордумда башкалар болсо,
Кудалап эчак коймок.
Кайырма:
Керилет да, зеригет да, ай, ай, ай,
Ханышадай ойлор жеткис.
Сезилет да ай, ай, ай.
Комментарийлер (5)