Айпери Кулбаева "Бир элес"
03:27
7,89 Мб
Жүктөлгөн: 17-06-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(5 добуш)
Жаз мезгили жайнап гүлдөр ачылган,
Жыпар жыты айланага чачылган.
Беттен сылап эркелетип салкын жел,
Бери кел деп сени мага чакырган.
Шайы көйнөк кийип турган келбетиң,
Көңүлүмдө өчпөс болуп жазылган.

Жылдар өтөт өткөн күндөр элесте,
Элестериң көз алдымда сени эстеп.
Булбул сайрайт сезимдердин багында,
Ошол элес өчпөйт сени келет деп.
Өмүр кыска өкүнөрүм Кудай, ай,
Кайра дагы бир жолукпайт белек деп.

Ай да чыкты тоонун башын жамынып,
Сүттөй нуру көл бетине чагылып.
Күбө болду бостерилер баарына,
Махабаттын зор күчүнө багынып.
Кош бол, жаным, элестетем ар дайым,
Ошол кезди бир өзүңдү сагынып.

Комментарийлер (5)

17.06.2014. 22:57
 Айнура Салахидинова
Айперишка унун соонун да! Сенин ырларынды укканда эргуу алам. Азамат!
18.06.2014. 00:49
 tynar92kg
Эн сонун. Супер - инфо сиздерден сураныч Айперинин аткаруусунда Аксы баяны деген ырды жуктоп койгулачы порталга....
18.06.2014 11:35
admin_superstan
tynar92kg, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
18.06.2014. 11:55
 Mashirapovna
Эн сонун ыр болуптур.
19.06.2014. 10:58
 anara-anara
Азаматсын онорун оркундой берсин кудайым берген талантынды таштаба.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо