Аида Маканбаева "Ата-энем"
03:44
5,13 Мб
Жүктөлгөн: 18-06-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.75/5
(4 добуш)
Атам, энем, карааныңдан садагам,
Сансыз ойго батып келдиң санаага.
Арбын жылдар жолуңарда миң азап,
Өмүрүңөр арналды го балаңа.

Атам, энем, таалай бактым, берекем,
Эбегейсиз эмгегиңер зор экен.
Экөөңөргө карыздармын арылгыс,
Алкап турчу пейилиңер кең экен.

Атам - түркүк, аска-зоодой, медерим,
Ачтың жолдун кызың үчүн кененин.
Бир күнчөлүк ак сүтүңө энекем,
Арзый белем жаным курман берейин,
Атам, энем, ыйыксыңар медерим.

Комментарийлер (7)

18.06.2014. 16:23
 dastan_nookat
Аида эже сонун ырдагансыз ушул ырынызды ата-энелер бул дуйнодо аман болсун!!!!
18.06.2014. 16:28
 dastan_nookat
"Текст" кошуп койсонуздар!
18.06.2014 17:12
admin_superstan
dastan_nookat, кошулду.
20.06.2014. 12:07
 soccer_boy95
Саламатсыздарбы Супер Инфо!!! Сиздерден сураныч,"Мен дуйнону апам менен таанысам,мен апамды койногунон тааныгам,тируу болчу койногунун гулдору......" деген ырды кошуп коесуздарбы? Тумонбай Колдошов деген ырдай экен го. Кишинин ырдаганын.... Сураныч Супер Инфо. Алдын ала рахмат.
20.06.2014 13:04
admin_superstan
soccer_boy95, ал ыр бар:
http://www.super.kg/media/useraudio/115957/
20.06.2014. 19:36
 soccer_boy95
Супер Инфо сиздерге чооооон рахмат...!!!
20.12.2014. 17:56
 baha76
soonun yr eken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо