Максат Бегалиев "Арзуу деми"
04:36
4,22 Мб
Жүктөлгөн: 24-03-2010
Сөзү:М.Осмоналиевдики
Обону:Раллияныкы
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Муздак шамал согот, жанга жетет,
Ойлорумда жалгыз сен гана.
Кайталаймын атың алыс жактан,
Келе албайсың эми сен мага.

Көзүң ала качтың көздөрүмдөн,
Чындап сени сүйө караган.
Унчукпадым анткени мен билем,
Бул махабат биз үчүн арман.

Кайырма:
Калбаса да арзуунун деми,
Коштошордо колуңду берчи.
Талашпайын тагдырдан сени,
Жүрөгүмдү калтырып кетчи.

Мезгил дайрасына ага берет,
Коё бердим сени жарышка.
Жүрөктөгү жара бүтүп келет,
Бирок сүйүү калды алыста.

Көөдөндөгү өрт сымал эстейм,
Жылмайыңкы караган көзүң.
Кол сунайын токточу, токто,
Калтырбачы жапжалгыз өзүм.

Кайырма:

Комментарийлер (18)

24.03.2010. 10:32
 MaRmeLaDka
Ушул ыр мага абдан жагат да.Рахмат силерге.Макс красавчик,журокко жеткире сонун ырдаган.
24.03.2010. 12:14
 Адам
Сооонун ыр экен!
24.03.2010. 19:50
 crick
жаман экен
24.03.2010. 23:55
 Адам
Муздак шамал согот жанга жетелеп
Ойлорумда жалгыз сен гана
Кайталаймын атың алыс жактан
Келе албайсың эми сен мага

Көзүң ала качтың көздөрүмдөн
Чындап сени сүйө караган
Унчукпадым анткени мен билем
Бул махабат биз үчүн арман
24.03.2010. 23:57
 Адам
Кайырма: (2 жолу)
Калбаса да арзуунун деми
Коштошоордо колуңду берчи
Талашпайын тагдырдан сени
Жүрөгүмдү калтырып кетчи
25.03.2010. 00:05
 Адам
Мезгил дайрасынан ага берет
Коё бердим сени жарышка
Жүрөктөгү жара бүтүп келет
Бирок сүйүү калды алыста

Көөдөндөгү өрт сымал эстейм
Жылмайыңкы караган көзүң
Кол сунайын токточу токто
Калтырбачы жапжалгыз өзүм

Кайырма
25.03.2010. 12:51
 Demon
Adamdi oygo salip koygon ir eken. A tak ukkanga jarayt ...
29.03.2010. 03:18
 indira
норма
04.04.2010. 19:14
 Аселя Ли
НОРМА. :((((((((
20.04.2010. 09:52
 Назик кыз
Максаттын коп ырлары мага жагат, жакшы, азаматсын
26.04.2010. 20:29
 sonni
Сонун
11.06.2010. 02:09
 Romashka
Makstyn suigon kyzy tashtap ketse kerek 4et olkogo murun any
11.11.2010. 06:17
 Arstan
Ойлоно турган жакшы ыр экен,жакты мага азаматсын Максат!
14.12.2010. 21:25
 kyyal
Бул ыр менин жан дуйномду ыйлатат . Колун эмес унун укканга зар болом . чындап суйоо карагам
20.05.2012. 13:14
 strangergirl
Сооонун ыр экен гой. . .
30.11.2014. 02:16
 roza.
Эртерек укпай кайда журдум мен аябай соонун ыр экен откон кундорду эстеттиго кайра кайра угам эми
30.11.2014. 02:19
 roza.
Менинда жан дуйноп сыздап барат бир кездери магада арман болуп калган махабатыма арналат.
04.02.2018. 19:34
 Aisuluu160790
Бул махабат мен учун арман...мезгил коштошордо колунду берчи...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо