Айпери Кулбаева "Барсыңарбы?"
03:51
7,05 Мб
Жүктөлгөн: 20-06-2014

Бул ыр Венера Назаралиева менен биргеликте аткарылган
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(4 добуш)
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Эл деп уруп жүрөгү, эл деп соккон?
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Эл деп иштеп кайрымдуу колун созгон?
Барсыңарбы, кыргыздын кыраандары,
Калкан болуп элине жанын тоскон?
Барсыңарбы, кыргыздын шумкарлары,
Жакырлыктан куткарчу алып колдон?

Кайырма:
Канатыңар кайда кайкып бийик учкан?
Кайратыңар кайда, жигит, тоону бузган?
Кайдасыңар, эр Манастын урпактары?
Кайда даңкың, атагың аалам уккан?

Эл-жер ойлоп бир өзүнө намыс кылган,
Ак эмгегин эл-журтуна азык кылган,
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Барчылыкты эл-журтуна насип кылган?
Эр Манас бир качан өзүн ойлочу эле?
Болбогонду эл-журту үчүн болтурчу эле.
Кара мүртөз душмандарга башын сайып,
Ал душманга өзүн өзү окточу эле.

Кайырма:

Бийликке бир барбагыла алыш үчүн,
Элимдин бир эсебинен байыш үчүн.
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери?
Аттангыла жигиттик намыс үчүн.

Кайырма:

Комментарийлер (1)

21.06.2014. 02:11
 kytman
Урматтуу админ,сураныч Бек Борбиевдин "Сага кулгон кандай жарашат" деген ырын жуктоп койгулачы..алдын ала рахмат..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо