Гүлзинат Суранчиева "Күн чыгышым"
03:27
3,15 Мб
Жүктөлгөн: 24-06-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Т.Кожомбердиевдики
Обону:Ү.Сыдыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Улам карап туш-тарапты элеңдеп,
Айтар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым, сени күтөм зарыгып,
Анык беле айткан сөзүң келем деп?


Тоонун суусу аңтарылат иримдеп,
Дарак ырдайт жалбырагы дирилдеп.
Күн чыгышым, келсең боло күттүрбөй,
Салааланып саамай чачың бириндеп.


Айлап-жылдап жалгыз сен деп түгөндүм,
Жүрөгүңдүн бардыгына күмөнмүн.
Колду шилтеп кетип калбас себебим,
Боосу сенде мен катынган жүгөндүн.


Улам карап туш-тарапты элеңдеп,
Айтар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым, сага деген махабат,
Жүрөгүмө батып барат тереңдеп.

Комментарийлер (4)

29.06.2014. 22:52
 ayakosya
Ушул ырчы ырдабай эле койсо ыраазы элем .
01.07.2014. 23:16
 asboi
ххх Гулзинаттай ырчыны укканда арманда укпагандар андан арманда. Азамат, эски ырларга экинчи омур берип келе жатасын. Модератор admin_superstan түзөттү 02.07.2014 09:33
02.07.2014 09:34
admin_superstan
asboi, сайттын башка колдонуучусун кемсинтүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
07.03.2016. 11:40
 Sabyr_Baymatov
Жакшы эле болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо