Майрамбек Осмонов "Кызыма"
04:43
4,31 Мб
Жүктөлгөн: 24-06-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:М.Осмоновдуку
Обону:М.Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 2.43/5
(7 добуш)
"Жан кызым" деп мен колуңдан жетелеп,
"Апакелеп" куурчак ойноп секелек.
Ар нерсени сурай берген божурап,
Кыз болчусуң, чачы өрүмгө жетелек.

Кайырма:
Мейли кызым барагой,
Бактыңды издеп табагой.
Айдай болуп жаркырап,
Жылдыз болуп жанагой.
Ак жол кызым барагой,
Бактыңды издеп табагой.
А, дегенде, ай кызым,
Кайненеңе жагагой.

Алыш үчүн апакеңдин мурасын,
Чоң турмушка аттанганы турасың.
Адебиңе, алган жарың арзысын,
"Кайсыл жердин кызы экен?" деп, сурасын.

Кайырма:

Ак жолтой бол, алганыңа терең бол,
Кабак түйбөй, кайын журтка кенен бол.
Турмуш кандай көрсөтсө да сыноосун,
Жарың менен бардыгына белен бол.

А, дегенде, ай кызым,
Кайненеңе жагагой.
Андан кийин ай кызым,
Кайнатаңа жагагой.
Кайын журтка жагагой.

Комментарийлер (3)

24.06.2014. 16:14
 aske27
жаккан жок
23.10.2016. 15:15
 kamchatka
Жакшы ыры деле жок бул жигитин
03.01.2017. 18:55
 tatulei
Майрамбек Осмоновдун талантына тазим этем. Бардык ырлары салмактуу жана уккулуктуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо