Айпери Кулбаева, Венера Назаралиева "Жүрөктөш"
03:45
6,84 Мб
Жүктөлгөн: 25-06-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(5 добуш)
Кыйын эмес муну айтып сүрөттөш,
Жаныбыз бир, каныбыз бир, жүрөктөш.
Биз кыргызбыз, улуу элбиз, билип ал,
Эр жүрөк эл Ала-Тоого түнөктөш.

Кайырма:
Сен да кыргыз, мен да кыргыз, ал дагы,
Бир атанын, биз кыргыздын балдары.
Болсо өмүр, башкасы бүт табылар
Байлык, бакыт, бийлик дагы калганы.
Сен да кыргыз, мен да кыргыз, ал дагы,
Бир атанын биз кыргыздын кыздары.
Болсо ынтымак, башкасы бүт табылар,
Байлык, бакыт, бийлик дагы калганы.

Бузукулар келтиришет күлкүнү,
Башка жердин жок го түндүк, түштүгү.
Бөлөм деген бир бүтүндү экиге,
Ошол өзү миң бөлүнөт бир күнү.

Кайырма:

Сулайман тоом канча доордун күбөсү,
Ак теңир тоом айкөлдөрдүн бир өзү.
Баткен, Талас, Жалал-Абад, Көл кандай?
Ошолорго окшош кыргыз мүнөзү.

Кайырма:

Комментарийлер (3)

29.06.2014. 02:35
 nasirdin
Супер Айпери алга !
04.07.2014. 15:24
 Gulsara_1986
Кыргыз армиясына ГИМН кылып берчу ыр экен, эн сонун
13.01.2015. 23:04
 Liliia
Айпери Кулбаеванын жок жок сенин уккум келет башкача унду деген ырын киргизип коюнуздарчы super.kg
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо