Асылбек Өзүбеков "Көздөрүң айтып турбайбы"
02:39
2,43 Мб
Жүктөлгөн: 26-06-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Дооронбек Садырбаевдики
Обону:Жанышбек Кочкоровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(4 добуш)
Кырчын кез ырын ырдайлы,
Кыз-кыркын ушак кылбайлы.
Кыялың эңсеп жатканды, ай,
Кылыгың айтып турбайбы.
Арзуунун ырын ырдайлы,
Алганың чатак кылбайбы?
Көңүлүң көксөп жатканын, ай,
Көздөрүң айтып турбайбы, ай.

Кашкая карап сыр салып,
Кадиксиз ойго чыр салып.
Кадыр түн жалгай тургансып, ай,
Калчадың тиктеп мынчалык.
Кылгыра карап сыр салып,
Кыялга бүлүк чыр салып.
Кыйышпас болуп алгансып, ай,
Кызыттың жанды мынчалык,
Кызыттың канды мынчалык,
Кызыттың жандай мынчалык.

Табышар күндөр бүдөмүк,
Тагдырлар башка түбөлүк.
Көрүшпөй кетсек, эсен бол, ай,
Көңүлдө бирге жүрөлү.
Көрүшөр күндөр бүдөмүк
Көңүлгө кызыл гүл өнүп
Кыйналып турам кош эми, ай,
Кыялда бирге жүрөлүк.

Комментарийлер (4)

17.07.2014. 07:06
 jumatone
Шай шай шайы койнок шай шайы жоолук деген ырын жуктоп койгулачы
05.02.2015. 02:50
 azimkan.2011
шай шай деген ырдын аты коктом ыры деген
04.02.2017. 01:03
 YmYtka
Асылбек байкенин баардык ырларын сүйүп угам
07.10.2017. 04:52
 Duulat
Бул ырдын созунун автору Дооронбек Садырбаев. Сайт тез арада жазып койгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо