Айчүрөк Иманалиева, Мирбек Атабеков "Ак куу белең, айперим?"
04:08
3,79 Мб
Жүктөлгөн: 27-06-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(9 добуш)
Айдың көлдүн ак куусундай түшкө киргенсиң,
Жан дүйнөмдүн жалгыз сырын өзүң билгенсиң.
Обон сымал жүрөккө жаңырып,
Тумар болуп таңда тагылып,
Бир өзүңдү самап, бир өзүңдү самап мен сүйгөнмүн.

Кайырма:
Таңдагы берметим,
Кол сунуп жетпедим,
Ак куу белең, айперим?

Көлдүн жээгин бойлоп өзүм сага келемин,
Толкундардан издеп улам сүйүү дарегин.
Чолпон болуп жүрөккө жагылып,
Ак куу консо көлгө кайрылып,
Көз жашыма толот, көз жашыма толот карегим.

Кайырма:

Тунук сүйүү, өмүрдө сен ак куу белемсиң?
Издеп жүргөн ай-ааламдан ыйык түнөгүм.
Арман күчөп өмүргө камыгып,
Сени күтүп таңда зарыгып,
Бир өзүңдү эңсеп, бир өзүңдү эңсеп жүрөгүм.

Комментарийлер (18)

27.06.2014. 22:30
 fanisa
Бул ырды Айчурок эже Курал менен ырдаса жарашмак.
27.06.2014. 23:00
 flygirl
Коп эле ырчылар ырдаган бул ырды, бирок Айчуроктун аткаруусунда аябай хит болгон. Сексапильно ырдаган.

29.06.2014. 12:21
 dkanu
Ундор жарашбаптыр!
29.06.2014. 18:13
 merkel
Ооба , Курал менен ырдаса болмок экен. Уну да, ону да ничошка, вообщем мужик.
29.06.2014. 18:15
 merkel
Эмне учун Мирбек эл аралык конкурстарга барбайт ыя, же онунон отпой калабы? Суперчилер айтып коесуздарбы..
29.06.2014. 20:29
 Samat.A.A
Мирбекте обон болсо өлөйүн, дагы ктрда атакту ырчы дейсңер тоба...
29.06.2014. 23:36
 koroshev
Мирбек менен дует эн сонун болгон. Бул ырды Айчурок элге жеткизе ырдаган. Ошондуктан жаштар кайрылып жатат да бул ырга. Айчурок Мирбек сонун дует.
01.07.2014. 17:40
 baitumar
Классная песня!
05.07.2014. 11:14
 Real_Madrid95
Бул ырды Айчурок эже менен Мирбек 2008 жылы жаздырышкан. Ал кезде Курал жок болсо керек эле, болсо да эчким таанычу эмес аны. Мирбек менен Айчурок эже жакшы ырдашкан, азаматсыздар!
05.07.2014. 17:23
 ayakosya
Жакшыны жакшы деп эле айтыш керек да.
06.07.2014. 15:19
 universal
95чи жылдар эске келе түштү негедир
07.07.2014. 09:24
 nazarnew
мирбек молодец, сени бут кыргыз эли уважать этет и городскойлор да уважать кылышат, а калган ырчылардан гулнур менен бекти сыйлайм, а андан кийинки ырчылар бугун бар эртен жок лампочкалар
07.07.2014. 10:38
 Kamila88
Жакшы ыр.
13.07.2014. 22:35
 churokai
maga jagat ushul yr!
23.07.2014. 17:29
 Мэри
Мирбектин үнү сонун, сонун аткаруу...
08.09.2014. 19:42
 Sultanim
apam tenduu birok 18 jawaarday oinook sezilet.
01.08.2015. 22:38
 bekush
Ushu yrdy dinara akulova yrdaganyn juktop koisonuzdar jakshy bolmok. Suranych juktop koiunuzdarchy.
13.08.2015 18:17
admin_media
bekush,
Саламатсызбы!
Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо