Самара Каримова "Ак кайың"
03:31
3,22 Мб
Жүктөлгөн: 03-07-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(4 добуш)
Көрүнүп көзгө дапдайын,
Көчөдө жалгыз ак кайың.
Жалдырап турат сумсайып,
Кар басып бутак, шактарын.
Жалдырап турат сумсайып,
Кар басып бутак, шактарын.

Ал эстейт жайдын кечтерин,
Адырды гүлдөр сепкенин.
Кыз-жигит келип түбүнө,
Кыналып турган кездерин.
Кыз-жигит келип түбүнө,
Кыналып турган кездерин.

Көңүлгө көңүл кезигип,
Көңүлдөң көңүл эзилип.
Какканы эки жүрөктүн,
Кайыңга турчу сезилип.
Какканы эки жүрөктүн,
Кайыңга турчу сезилип.

Ак карлуу карды жамынып,
Аяздан күчөп камыгып.
Жалдырап турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.
Жалдырап турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.
Сумсайып турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.

Комментарийлер (3)

04.07.2014. 20:04
 samat
Иииий мен да кошулуп ырдап женилдеп алым. Мен суйгон ырлардын бири!
17.07.2014. 15:15
 Lazat
Текстин жазып коесуздарбы
08.10.2014. 15:13
 goodman02
орук зарга кетели деген ырын жуктоп койунуздарчы сураныыч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо