Алихан "Сагынуу"
03:53
3,58 Мб
Жүктөлгөн: 26-03-2010
Сөзү:Шайлообек Дүйшеевдики
Обону:Мускай Исмаилбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(8 добуш)
Сагындырган гүлүн көздөй бара албай,
Сайда бир күн соолуйт экен ага албай.
Санаа менен таң атырып келатам,
Сага окшогон бир да жылдыз таба албай.
Санаа менен күн батырып келатам,
Сага окшогон бир да гүлдү таба албай.

Карегимди жашы кылып жамгырды,
Канча күттүм арасынан ай-жылдын.
Какшап жетпей жүргөнүмдү билсең да,
Карааныңды бир көргөнгө зар кылдың.
Какшап жетпей жүргөнүмдү билсең да,
Карааныңды бир көргөнгө зар кылдың.

Адам жоктур бул дүйнөдө сүйбөгөн
Ашыктыктын алоосуна күйбөгөн.
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?

Ажыратты мерез мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым, кантейин?
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.
Мен бактылуу боло албадым, кантейин?
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.

Комментарийлер (4)

29.10.2013. 18:14
 ayakosya
бул ырды уксам ыйлагым келет
11.01.2015. 15:09
 aibek0001
буд ыр журогумду оорутат
09.03.2015. 16:42
 Bili
Сонун ыр экен Алихан ушундай ырын бар экенин билбепмин архивди чукуп олтуруп таап алдым прикин.....
21.08.2015. 05:48
 Zair_Alimov
Super yr!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо