Жайнагүл Калчаева "Жаштыктын жалгыз ууртамы"
03:03
2,79 Мб
Жүктөлгөн: 07-07-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ө. Кулумбаевдики
Обону:Ш. Кемелгазиваныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(2 добуш)
Гүлдөрдүн терип түркүнүн,
Күлкүнү күлдүк бир ширин,
Кагылып бара жаткансыйт,
Ирмеген сайын кирпигиң.
Сүйөмүн, жаным, дегенсиң, ай,
Суу бойлоп жүрсөк, сүйкүмүм.

Аралап арча-шиберди,
Алганбыз колго сиренди,
Калбады беле ошондо,
Канталап ооздун бир эрди.
Отурдук кайың түбүндө, ай,
Оорго окшош өскөн гүл өңдүү.

Кайкашып жерге учтары,
Арчага арча ыктады.
Жанаша өскөн арчадай,
Жалдырап турдук биз дагы.
Жайлоонун калды таңында, ай,
Жаштыктын жалгыз ууртамы.

Комментарийлер (2)

09.07.2014. 15:38
 Lazat
Саламатсыздарбы суперчилер. Ырдын сөзү жакшы экен. Текстин жазып коесуздарбы сураныч
09.07.2014. 16:07
 bossmos7
Чыны жакшы ыр экен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо