Арзыбек Бедияров "Ошондогу жанган от"
03:28
3,17 Мб
Жүктөлгөн: 10-07-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Надырбек Алымбековдуку
Обону:А. Бедияровдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Суйкайып тоо башынан таң аткандай,
Сулуулук бизди тартып бараткандай.
Жылыткан илебиңден кучак бошоп,
Жылдызың карегиңден жанат мага ай.

Балкыган Чолпон жылдыз батарында,
Пардасын жарык дүйнө ачарында,
Кымбат жок сенден бөлөк кантсем дагы,
Кыя албай өзүң түрсаң катарымда.

Бөлүндү колубуздун салалары,
Бөлүнбөй кош журөктүн санаалары.
Айласыз экөөбүздү ажыратып,
Аңгыча түндү серпип таң агарды.

Коштоштук кобурашпай, шыбырашып,
Кол үздүк эриндерди кыбыратып.
Жанган от менде калды ошондогу,
Жатамын азыр мына ырга жазып.

Комментарийлер (2)

11.07.2014. 22:43
 taalay89
Мен издеген ырго рахмат чоң супер
12.08.2014. 19:58
 asil-08
Супер инфо созун киргизип берсенер жакшы болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо