Аскат Мусабеков "Элмира "
03:35
8,19 Мб
Жүктөлгөн: 15-07-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Калыйбек Тагаевдики
Обону:Калыйбек Тагаевдики
Көчүрүү
  • Currently 2.75/5
(4 добуш)
Карагаттай көздөрүңдү сагынам,
Кыйын экен жаштык сага багынган.
Күтө, күтө жете албадым зарыгып,
Айтчы, жаным, качан сага жолугам?
Кайырма:
Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн,
Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм.

Мен музыка, сен врачсың эл үчүн,
Дартка даба дарыларды бересиң.
Ашыктыктан айыкпаган дартымды,
Дарыласын сенин гана элесиң.
Кайырма:
Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн,
Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм.

Сагынамын, сансыз ойго батамын,
Жолугушуп качан көңүл ачамын?
Сен дарылап көп жашасын адамдар,
Тилектештик саламымды жар салам.
Кайырма:
Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн,
Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм.

Көздөрүң карагат, жүрөктү жаралап,
Жүрсөң бир болду саламат, Элмира.

Комментарийлер (2)

15.07.2014. 23:18
 ayakosya
Сонун ыр да озгочо Элмираааа дегенден кийинки музыканын коштогону
18.07.2014. 13:12
 Мэри
Кыргыз классикасына айланган чыгарма...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо