Аскат Мусабеков "Неге түшкө киресиң?"
03:10
7,23 Мб
Жүктөлгөн: 16-07-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.09/5
(11 добуш)
Айтчы деги кимде айып?
Өзүң деле билесиң.
Уйку бербей тынчыраак,
Неге түшкө киресиң?
Наристедей ээрчишип,
Териппиз го гүлдөрүн.
Түнт токойду аралап,
Тыңшап куштун үндөрүн.

Ийип башын булбулдар,
Махабатты чалышты.
Кол булгалап бардыгы,
Узатышып калышты.
Паана кылып түшүмдү,
Бет алдыма кармаймын.
Мүмкүн мени сүйөр деп,
Өзүмдү-өзүм алдаймын.

Антсем дагы канчалык,
Сен башканы сүйөсүң.
Уйку бербей бирок да,
Түшкө кирип жүрөсүң.
Айтчы деги кимде айып,
Өзүң деле билесиң.
Уйку бербей тынчыраак,
Неге түшкө киресиң?

Комментарийлер (12)

17.07.2014. 15:09
 Lazat
Саламатсыздарбы ушул ырдын текстин жазып коесуздарбы сураныч
17.07.2014 17:27
admin_media
Lazat,
Саламатсызбы! Жазып койдук)))
20.07.2014. 23:08
 orxidea10
эн сонун ыр экен созу обону кимдики болду экен
04.08.2014. 01:45
 melek1
Radiodon kop beret go.jakwy yr)))))
09.08.2014. 16:08
 aidin8625
ла-ла-ла-лай-ла-ла-лай-ла-ла.
22.09.2014. 11:25
 baiysh0704
Саламатсыздарбы супер инфо эмгек жамааты?сиздерден сураныч Аскат Мусабековдун Канышай деген ырын жуктоп коюнуздарды суранып кетем,алдын ала ракмат айтып кетем.
23.09.2014 10:37
admin_media
baiysh0704,
Саламатсызбы! Аракет кылабыз.
27.09.2014. 07:49
 baiysh0704
Саламатсыздарбы супер инфо жамааты?мен дагы да Канышай деген ырын кктуп журом качан жуктоп коесуздар?
28.09.2014. 23:14
 eduardali
Канышай деген ырын кyтуп журом качан жуктоп коeсуздар?
29.09.2014 11:04
admin_media
eduardali, baiysh0704,
Саламатсыздарбы! Жакында жүктөлөт.
02.10.2014. 21:44
 baiysh0704
Кундо карай берип козум тешилди,качан жуктоп коесуздар Аскаттын Канышай деген ырын,сиздерден сураныч батыраак жуктонуздорчу ыры аябай керек болуп жатат,мен бироого суйруприз кылмакмын.
03.10.2014 10:33
admin_media
baiysh0704,
Саламатсызбы! Колубузга тийсе эле жүктөп коюуга аракет кылабыз. Түшүнүү менен кабыл алып күтө турсаңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо