Кубаныч Ажыбаев "Сулууларга суктанууга акым бар"
03:22
6,15 Мб
Жүктөлгөн: 22-07-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ж.Ырысбаевдики
Обону:К. Мендебаировдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.90/5
(20 добуш)
Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм,
Суктанамын, көз электен өткөрөм.
Жылмаңдаймын баарысына тийишип,
Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, менде да бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.

Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм.
Оолукканды сурабагын, айтпагын,
Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.

Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм.
Кыялымда жанашамын бир басып,
Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.

Комментарийлер (20)

23.07.2014. 13:40
 Akyl.UM.kg
админ,,чон рахмат силерге сунушумду эске алып аткарганынарга..
эх соонун ырда
Кубаныч байке азаматсыз чыгармачылык ийгилик каалайым.
04.08.2014. 01:43
 melek1
Eeeeee soooonun yr da bul)))))))
12.08.2014. 19:14
 Begimkyz
Ырларды кочуро албай жатамын
13.08.2014 10:53
admin_superstan
Begimkyz, саламатсызбы!
Телефон менен киресизби? Эгер телефон менен кирсеңиз, Opera Mobile браузерин колдонуңуз.
24.07.2017 22:21
777bazamat
соонун
12.09.2014. 01:10
 talych.kg
Жакшы ыр!уга берип тажабайсын!
08.10.2014. 22:23
 kuba_95_95
аябай маанси терен жакшы ыр Кубаныч байке чыгармачылыгызга ийгилик!!
10.11.2014. 18:23
 sambo
Админ тексттин кошуп коёсузбу????
18.01.2015. 10:15
 muslim7
Азамат Кубаныч! Кечее кечке жуук радиодон ырдын айак жагын угуп, бугун озумо жакшы ыр, аны сонун аткарган Талантты таптын. БАли,ушундай шандуу ырлар коп болсо.
16.02.2015. 12:35
 aykyz
Сөзү обону кимге таандык? Аткаруучунукубу?
16.03.2015. 00:31
 sesh_elya
Минусу бар болду бекен?
24.05.2015. 13:29
 sen_emes
менинда сулууларга суктанууга акым бар ....
18.06.2015. 21:43
 kap095
Азамат Кубаныч мырза! Чыгармачылык иштеринизге ийгилик!
05.07.2015. 00:20
 adiletkina
ушу ыр олло жагат даа
06.07.2015. 10:06
 meder.aralbekov
жакшы ыр экен!!
13.07.2015. 17:39
 gitaris93
Супер ийгилик
27.07.2015. 07:36
 Askatbek92
Супер ыргооо жакты маанилу экен
07.08.2015. 11:27
 gulzat878
Кубаныч Ажыбаевдин ырдаганы ушундай жагат!! сонун ыр экен го, уккулуктуу, женил.
09.10.2015. 14:27
 akmat
маазззза))))
01.01.2017. 16:17
 Myke
Сонун ыр! Сөзүнүн автору Жолоочу Рысбаев байке биздин кошуна болот. Ушундай жакшы киши, жакшы ырды жаратканына карап, өзүн көрүп туруп суктанасың.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо