Гүлбү Ороскул кызы "Өмүр жазым"
03:58
3,62 Мб
Жүктөлгөн: 31-07-2014
Жанр: Фольклор
Сөзү:Бурул Рыскулбекованыкы
Обону:Асеин Добулбекованыкы
Көчүрүү
  • Currently 2.88/5
(8 добуш)
Өзүңдү өмүр бою унута албай,
Өткөрдүм өмүрүмдүн жашыл жазын.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.

Күйгүзгөн жалынына сенин отуң,
Отуңа кактап коюп өзүң жоксуң.
Кечигип кемитпечи, асылзатым,
Кечигип неге келбей, көңүл болсун?

Сенсиң го менин сүйгөн асылзатым,
Өзүңө өмүр бою багынайын.
Кылымдар кылым санап өтсө дагы,
Карыбайт сага деген махабатым.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан,
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.

Комментарийлер (9)

31.07.2014. 17:11
 dastan_nookat
"Агылам" ырын кошуп койсонуздар отуном сиздерден!
31.07.2014. 18:30
 Lazat
Создорун жазып коесуздарбы
01.08.2014 18:00
admin_superstan
Lazat, ырдын сөздөрү жазылды.
01.08.2014. 18:24
 taku88
Айнура Абдиеванын-Журокту журок тандасын ырын киргизип койосуздарбы? рахмат
02.08.2014. 00:52
 dentistka
жакшы ыр экен. Супер инфо, достор, "булуттар арасынан сени издеймин,буйруксуз бактымэкенин мен билбепмин..." ушул ырды кайсыл ырчы айым ырдайт эле, тапканга приз! Ссылкасын жазып койгулачы сураныч. Рахмат
02.08.2014. 20:07
 Lazat
dentistka саламатсызбы бул ырды кенже кобокова ырдайт "Кечиккен суйуу" элдикаудио болумунон тапсаныз болот.
05.08.2014. 01:58
 Kari.94.kg
Саламатсыздарбы Уметакун мамбетаалы аткарган кереги жок чыгармасын таба албай жатам,жардам берип коюнуздарчы.
09.08.2014. 00:37
 Aselya_9105
Гулбу эже унунуз ушундай тунук. Унунузго береке. ийгилик сизге....
13.10.2014. 22:43
 Ideal
Асан Керимбаевдин бактылуу болгум келет махабаттан деген ырын да аткарчу эле,женелер деген да ыры бар эле ошолорду да кошуп койсо жакшы болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо