Тима Мукашев "Арман"
03:50
3,44 Мб
Жүктөлгөн: 04-08-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 1.50/5
(2 добуш)
Билсе деп өзүмдү өзүм,
Сезимди сез дей албайм.
Сүйүп мен өзүңдү, сүйкүмдүү көзүңдү,
А бирок тиктей албайм.
Токто деп өзүмдү өзүм,
Токтотуп кармана албайм.
Алса деп гүлүмдү, укса деп үнүмдү,
А бирок жандай албайм.

Кайырма:
Кантейин, кантейин, арман,
Катылып жүрөктө калган.
Балким, мен адашып калганмын ушул бакытымдан.
Кантейин, кантейин, арман,
Каректе бир элес калган.
Аттигиң, албырып күйөмүн сенин жалыныңан.

Чертилип терезеңден,
Жамгырдай келип кетем.
Акырын жашынып, албырып ашыгып,
Арзуумду берип кетем.
А балким, байкагансың,
Жактырып жүргөнүмдү.
Эч кимге билгизбей, эркиме жеңилбей,
Мен сени күткөнүмдү.

Комментарийлер (5)

05.08.2014. 13:44
 leha
Style mix тобунун ырын Жаны кыргыздар кайдан тапсам болот?
05.08.2014 15:30
admin_superstan
leha, Саламатсызбы!
Жакынкы күндөрү жүктөөгө аракет кылабыз.
20.08.2014. 17:42
 dastan_nookat
Ушул ырчы жонундо маалымат берип койсонуздар сонун ырдайт экен!
20.08.2014. 18:12
 Makentosh
aiabai jakshy yr boluptur))) ayabai shanduu eken))) obonu tim ele juroktu ezet ko)))
12.04.2016. 16:40
 _RoMa_
сагынычтын узун тундорундо, жаным сени кутконумдо.
деген ырды ким ырдаган ?
Билсениздер айтып койсонуздар сураныч?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо