Кубаныч Сатаев "Ак бата"
03:50
3,51 Мб
Жүктөлгөн: 04-08-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ч. Сатаевдики
Обону:Ч. Сатаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.29/5
(7 добуш)
Кыргызымда бата бар,
Бата берген аталар.
Бата алган эр жигит,
Элин коргоп жоо сайса,
Шер жигит деп даңк алар.

Элин коргоп жоо сайган,
Манас алган ак бата.
Кыргызымдан бата алган,
Чыңгыз чыкты даңктана.
Наристе үнү жаңырып,
Адам келсе арага,
Жакшы тилек, жакшы үмүт,
Ага арналган ак бата,
Бата, бата, ак бата,
Элим берер ак бата.

Жамгырдан жер көгөргөндөй,
Батадан эл көгөрдү.
Бата алган кыз-келин,
Көшөгөсү көгөрүп,
Эр азамат төрөлдү.

Элим-журтум, уккула,
Кыргызымда той мына.
Улак тартмай, ат чапмай,
Эр жигиттер чыккыла.

Кошой атам кел мага,
Колдоо батаң бер мага.
Бакай атам кел мага,
Небереге той бердик,
Ак батаңды бер мага.
Элге карап кол жаят,
Той өткөргөн чоң ата.

Эмгек кылсам элиме,
Мээнет кылып жериме.
Элим берсе ак бата,
Эмгектенсең эр жигит, шер жигит,
Дем кошулар демиңе.

Эл-жер үчүн жан берген,
Чолпонбайга, Дүйшөнкулга ак бата.
Айланайын ак бата,
Кыргызымдын батасы,
Чыңгызымдын атагы,
Манас атам, кел мага,
Күч-кубатты бер мага.
Бакай атам, кел мага,
Ак сакалың жайкалтып,
Ак батаңды бер мага,
Бата, бата, ак бата,
Элим берер ак бата
Ак бата.

Комментарийлер (14)

04.08.2014. 17:10
 Xperiaedil
Жакшы ыр экен
04.08.2014. 19:11
 kama_future_millioner
Сонун ыр оз атасынын ыры
05.08.2014. 01:05
 perlywka92
Соонун ырдаптыр ийгиликтерди калаймын Кубаныч байке
05.08.2014. 19:19
 Fasebook
азаматсыз соонун шөкөттөлгөн балли!!!
12.08.2014. 17:15
 dastan_nookat
"Текст Кошуп койсонуздар"
14.08.2014. 10:49
 Jiza
Абдан сонун аранжировка, ырды чын журоктон ырдаптыр берилип. Ар бир кыргыздын сезимин жана патриоттук духту дагы ойготот экен! Чыгармачылык албан ийгиликтер сизге! Суперчилер текст кошуп коюнуздарчы отунуч.
14.08.2014. 11:38
 Aydan
Чындыгында эле абдан мыкты болуптур. Аранжировка дагы, жан дуйнон дагы дунгуроп турат экен укканда. Эл журтубуздун батасын алып алдыда журунуз. Азаматсыз, кыргыздар алгаааа!
07.10.2014. 11:27
 Kaniii
Кубаныч Сатаевдин аткаруусундагы Ч.Сатаевдин "Кимсин,кимсин, Алыкулдун ырысын..." деген ырын жуктоп койсонуздар..., рахмат
07.10.2014 13:12
admin_media
Kaniii,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
Комментарийлерди жашыруу
16.12.2014 21:21
Chelsea1234
admin_media, Саламатсызбы Админ,Кубаныч Сатаевдин аткаруусундагы Арман ай деген ырын медиа порталга жуктоп коюнуздарчы сураныч ото чооон.
13.12.2014. 20:52
 Chelsea1234
Саламатсызбы Админ,Кубаныч Сатаевдин аткаруусундагы Арман ай деген ырын медиа порталга жуктоп коюнуздарчы сураныч ото чооон.
06.04.2015. 15:07
 Jeki
Чубак аке озу укмуш таланттуу адам болуптур ээ? Созун да, обонун да жазып, ырдап, минтип туболукко ырлары калды. Калтырган мурасты таштабаган уулуна рахмат! Аранжировканы катырыпсыздар бали!
04.10.2015. 13:32
 saadan2016
Азамат
26.02.2016. 13:42
 AKJOL88
азаматсыз байке дайым алга сиздин талантынызды балайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо