Гүлжигит Сатыбеков "Аксыга кетеличи"
04:11
4,78 Мб
Жүктөлгөн: 07-08-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Г. Сатыбековдуку
Обону:Г. Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.22/5
(18 добуш)
Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Бирге отурсак арман жок эле.

Канат күүлөп калкып турам,
Чоң бакытка балкып турам,
Кээде түшүп сүйүү жалынга.
Жан дүйнөмө батпай келет,
Эмне дешти таппай келем
Бизди кошкон ушул тагдырга.
Тагдыр берген энчим менин,
Элжиретип эзбе мени,
Жаралдыңбы менин бактыма?
Токою бай, жер-жемиши,
Асыл жери, жер бейиши -
Жүрчү, жүрчү кеттик Аксыга.

Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле.
Элинин да пейили сонун да,
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле.

Кашка-Суунун суусун кечип,
Бозбу-Атанын гүлүн терип,
Оюн салсак кечки адырда.
Жан кейиткен жамандардан,
Тажап бүттүм ушактардан,
Кетеличи жүрчү айылга.

Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле.
Элинин да пейили сонун да,
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле,
Бир карысак арман жок эле.

Комментарийлер (79)

08.08.2014. 13:39
 wustraya
Гулжигит алга
08.08.2014. 14:50
 Bors
Красавчик укулуктуу ыр экен чыкпай атып бир наушникти жеди.
08.08.2014. 16:09
 AiNuR_777
жакшы. бирок мен ырларын эч айырмалалбайм баарыле окшошуп кетет бир обонго салып ырдагандай болот мага силерге кандай билбейм же мен анча укпагангабы. бир ыры жагып калса таппай издеп журуп зорго табам тыншаап угуп а то айткандай айырмалалбайм.
11.08.2014 18:44
zarifa_love
AiNuR_777, жакшы айырмалап каласыз ,кантип ушунча ыры бири бирне окшош болсун ,кичине колдош керек да ,Гулжигит биз сени мн сыймыктанабыз алгааааааааааа!!!!Модератор admin_superstan түзөттү 12.08.2014 10:48
08.08.2014. 19:41
 kyrgyz.93
Ош шаарында жарык дуйного келген жакшы билип алгыла аксыда эмес кийин эле аксыга кетип калбаса билбейм
10.08.2014 22:17
mir_ak.kg
kyrgyz.93, Ош шаарында туулган дейсин кенениреек маалымат берчи канчанчы жылы туулган, анан качан аксыга кеткен,емне сепептен кеткен,Ата-Апасы ким кайсыл жактан болот билсен айт бизда билип алайлы Мен туулгандан бери еле биздин айылдан болот Аксыдан анан билбейм дагы.
10.08.2014 23:53
aslan_akjol89
kyrgyz.93,Жакшы билем.Аксыда эле туулуп,Аксыда эле оскон.Билип алгыла деп уйротпосон жакшы болот иним.
17.08.2014 04:19
suiutbekov1989
kyrgyz.93, аксыда эле торолуп оскон ээ ким айтты ошто торолгон деп аксынын мукур деген айылынан болот апасы мектепте мугалим болуп иштейт
08.08.2014. 19:43
 Baktyluumun
Эн мыкты чыгарма! Азаматсыз Гулжигит байке ушунунуздан жазбаныз!
08.08.2014. 23:13
 bakay93ka
ээээй ала жааат деп коштоп койсонор
09.08.2014. 00:29
 don.kg
Малдес Малдес
09.08.2014. 00:51
 kuu-1005
Жакшы клип кутобуз.
09.08.2014. 03:47
 omurbek9393
Анча эмес...
09.08.2014. 05:39
 suiutbekov1989
Достор силерден сураныч Ардагым бир озундон аргам жок эми сенден алыстадым суранамын сен тушумо кунолобо суйот элем эми сендей таба албадым деген саптары бар ким билсе жуктоп койгулачы сураныч алдын ала рахмат
10.08.2014. 22:53
 Nuri-Alina
Менин акемда алга жакшы жакшы чыгармаларды кутобуз
11.08.2014. 18:07
 berdishov89
ооо кандай сонун ыр а уккан сайын уккун келет чыгармачылык ийгилик!!! Гулжигит аке уйлонсоз балдызынды алып алсам зор болот эле))
02.12.2014 00:47
sgorodaenergetikov
berdishov89, Сен кайакка!
Катарга тур?
12.08.2014. 10:43
 admin_superstan
beks-07, ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу! Жеке билдирүүнү купуя менен жөнөтүңүз.
12.08.2014. 17:13
 dastan_nookat
"Сары-Челек"-ырын кошуп койсонуздар сураныч "SUPER.KG" жаматы! Гулжигит акенин тизмесине отуном!!!!
14.08.2014. 01:08
 kyrgyz.93
mir_ak.kg aslan_akjol89 экоон тен ушул шилтеме менен кирип коруп алгыла http://www.super.kg/article/?article=21309
14.08.2014. 01:19
 kyrgyz.93
http://www.super.kg/article/?article=21309
14.08.2014. 11:31
 Aydan
Оштук кыздардын кумир да бул азыр :) Аксылыктарды бактылуу кылыпсыз да. Качан тойго чакырасыз эми. Лейлектик кыз деген клиптеги кызды алат деши эле, качан эми? Же кыз отказ бердиби??? Жооп кутом байкеееееееее
18.08.2014. 14:24
 belka-zaika
''ээ каяктагыны айтпагылачы Оштук эмес эле Аксылык ырларын суйуп угам да бул ыры да каракаш деген ырыда сонун жаны чыккандарынан айттамда азаматсыз!!!!!!!!1
18.08.2014. 16:10
 kyrgyz.93
Аксылык деп талашып журо берчи эми сен, эми Мага дагы баары бир
20.08.2014. 02:04
 jazka-jaz77
Аябай жакшы ыр экен.Чыгармачылык ийгилик.
21.08.2014. 20:58
 egiz-jigit
Эн сонун 10+ ушундай ырларды кобурок чыгара бериниз жердеш
04.09.2014. 10:59
 jumash
Азаматсын ГУлжигит
13.09.2014. 14:02
 Munara-9-0
Азаматсыз Гулжигит байке иштеринизге ийгилик......
12.11.2014. 12:06
 isaasa
Аксылыктар АЛГААААА......
08.01.2015. 01:45
 mirbekkg
Эч кандай Ошто туулбаган. Аксыда туулуп, Аксыда чоңойгон. Ушунча жыл Гулжигитти тааныган мен билемин го?!
15.03.2015. 08:47
 jamilka
эн мыкты
14.01.2016. 15:50
 madina586492
сооооооонун
20.01.2016. 01:04
 Sabyr_Baymatov
Бул ырдын да минусун суранам
21.04.2017. 23:18
 azimova90
Жакшы ыр экен ушу ырды уксам Аксыга сары челекке баргым келе берет.
23.04.2017. 20:31
 Edward.14
Жердеш алгаа!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо