Айжамал Кабылова "Биймерген"
03:22
7,68 Мб
Жүктөлгөн: 12-08-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ш. Дүйшеевдики
Обону:А. Отунчиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.09/5
(11 добуш)
Бийдин башы биймерген бий деп келгенбиз,
Жалгыз кылбай жашоону миңдеп келгенбиз.
Жакшы менен жаманды иргеп келгенбиз,
Желек кылып кайышты ийлеп келгенбиз,
Жер замандан бери эле бийлеп келгенбиз.

Кайырма:
Кел, келгиле бийлейли,
Кел-келибиз бир келди.
Келечек доор бир болсун,
Кең дүнүйө пир болсун.
Бириктирген кыргызды
Биздин бий болсун.

Эзелкинин шаңы бар элдин бийинде,
Эй, кыз-жигит, канакей эргип күлүңдө.
Күлүк деген күнүндө, күлкү үнүндө,
Сезим селдеп бий болсун сенин үйүңдө.
Тулпар деген тушунда кызык ушунда.
Кайырма:

Кел, баарыңар, кел, бийге, келген эл бирге, Түндү күнгө айлантып түшсүн жер бийге. Канаты бар элденбиз, кана, кел, бийле, Кудай берген бактыбыз кууса кетпесин, Теңир берген бактыбыз тепсе кетпесин!

Кайырма:

Ала-Тообуз пир болсун!
Атпай кыргыз бий болсун
Кол кармашкан элдерди
Кошуп турган бий болсун.
Кыргыз үнүн ааламга созгон бий болсун!
Аккуладай закымдап озгон бий болсун!

Комментарийлер (19)

12.08.2014. 13:23
 jypara1415
Үнүңүздөн го сиздин ........Эл аралык конкурстарга да катышыңызчы сураныч ? !
12.08.2014. 13:40
 Lazat
Азыр бий жөнүндө ырлар модабы? Кара жоргого окшошко?
12.08.2014. 14:42
 alisam
Ушу ырды мин кыял радиосунан угуп аябай жактырып, кутуп журдум эле! Сонун ыр кара жорго буга тен келбейт экен. Обону жакты. Ушул ырга бийлейбиз го.
15.08.2014 20:56
Farida11
Кара жорго мыкты бий, аны жамандабай эле кыргыз бийин өнүктүрө берсек жакшы болор. Ал өзүнчө жакшы, бул ыр өзүнчө жакшы. Садралиевдики өзүнчө жакшы.
12.08.2014. 23:13
 bolot00
жакшы ыр екен игилик айжамал
13.08.2014. 18:01
 dastan_nookat
"Ото Жакшы Ыр болуптур эми клип тартса сонун болбок"
13.08.2014. 22:09
 ayakosya
Биймерген бийдин атыбы? Лексикадан таппай койдум
14.08.2014. 11:18
 Jiza
Ацжамал абдан жакшы ырдаптыр. Кыргыздын жылдыздуу, ажарлуу, назик ырчысы бар бол! Онорун менен оркундой бер. Мына ушундай ырларды ырдагыла. Ошондо крыгыз эли онугот-осот. Мыкты клип кутобуз сенден! Кошуналардын ырларын которгонду токтоткула...
14.08.2014. 11:29
 Aydan
Айжамал эжее браво, сонун го. бийлейбиз эми бийлебиз. аябай жакшы чыгыптыр гоооо. зор!!!
14.08.2014. 13:08
 alisam
Шайлообек Дүйшеев агай ушул ырдын тарыхын жазыптыр го. Фейсубктан окудум эле. Супер инфо Айжамалдан сурап бергилчи клибин тартат бекен?
17.08.2014 11:24
ayakosya
alisam, клиптин устундо иштеп жатышыптыр. Бизде дагы бир бий пайда болду. Бий тармагыбыз укмуш онукту го))))))))
17.08.2014. 17:25
 lomonkg
klass!unu,kayriktari ukmush...

17.09.2014. 05:30
 kg_sulushka
Бул ырга да кара жоргого тушкондойле бийлейбиз айырмасы жок
10.10.2014. 16:51
 Jaliwuud.2011
унунон сенин адамды кыйнайсын сен просто их жанындан сенин.
10.10.2014 17:02
mikinookat
Jaliwuud.2011, тынчылыкпы)))
04.02.2015. 20:57
 keneksi
бийлеген мене кылжындоонун айырмасы эмнеде?
28.04.2015. 20:23
 nuraiko
сонун ырдын созу кимге таандык?
20.06.2015. 00:28
 masenya
мен гул терип келем сага - деген ырды ким ырдайт болсо сураныч жуктоп коюнуздарчы
03.05.2016. 07:54
 abde-7082
созу Шайлообек Дүйшеев агайга таандык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо