Жоодарбешим "Бир тууган"
03:14
3,7 Мб
Жүктөлгөн: 13-08-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(20 добуш)
Жамандыкка кабылсаң дайым бир тууган,
Жанын сайып сен үчүн күйгөн бир тууган.
Кокус тайып кулап түшсөң жерге капыстан,
Абалыңды келип сурар ал да бир тууган.

Кайырма:
Күлсөң дагы бирге күлгөн,
Кубансаң да ал кубанган.
Жан күйөрүң дайым бир тууган,
Жамандыгың бирге тоскон.
Жакшылыгың бирге тоскон,
Аман болсун дайым бир тууган.

Жүрөк ооруп махабаттан дартка кабылсаң,
Абалыңды тушүнгөн дагы бир тууган.
Кайда болсоң сени ойлоп сагынып күткөн,
Ата-энеден кийинки эле бир боор бир тууган.

Кайырма:

Комментарийлер (33)

13.08.2014. 10:37
 moke
Мен куткон ыр, аябай жакшы жазылыптыр
13.08.2014 20:45
Desmond
moke, ммм
13.08.2014. 11:16
 dastan_nookat
Super!
13.08.2014. 12:20
 bekbolot1964
Бир тууган уул кыздар менен чогулуп алып бийлеш керек экен.Абдан жакшы.Жоодарбешим ата эне бир туугандар жонундо ыр ырдаганына баа бердим.
13.08.2014. 13:51
 mediagroup
Зынк болуптур!
Базар жок!
13.08.2014. 13:55
 ilgiz-kg01
Азаматсын Жоодарбешим ийгилик ишине.
13.08.2014. 16:12
 Izatizat306
кайрат нуртастын обондоруго. а так ыр жакшы эле экен.
13.08.2014. 16:28
 meninmekenim
Эн жакшы ыр болуптур.Бир туугандарга арнап ырдай берели.Журок ооруп махабат дартка кабылсан,абалынды сураган бир тууган деген жери жакты.
13.08.2014. 18:57
 Nursultan.m.n
жакшы ыр экен))
13.08.2014. 20:12
 jigitaly
Jakshy jakshy
13.08.2014. 21:59
 adelima
алло жаным алло ким ырдайт? кайсы жерден тапса болот? жардам берип коюнуздарчы.
14.08.2014 00:17
admin_superstan
adelima, төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/media/uservideo/97301/
Комментарийлерди жашыруу
20.08.2014 00:50
bema92
admin_superstan, Саламатсызбы, EMa N1 - 'Суйом дечи' аттуу ырын жуктоп койосуздарбы
13.08.2014. 22:04
 www.ilgiz_kg
ырга соз жок!бир тугандарын менен ар дайым бактылуу бол!
13.08.2014. 22:38
 Samat.A.A
Жакшы ыр болуптур, бирок кайрат нуртасды 90% эле турайт)
15.08.2014 14:54
Zair_Alimov
Samat.A.A, emi ozuno jaksa, jarawsa anan dagy eptese ele bolduda.. Kayratty tuuraiby ili daje maykol djeksondu tuurasa dagy eptese boldu.. Eemi osup kele jatka muyuzdu syndyrbai kayra koldop koigon jakwy go deim. Elibizde eskilerden kalgan bir jakwy soz bar go, jaagyn synsa synsyn, shaagyn synbasyn dep..
14.08.2014. 00:39
 Eseke2013
Сонун ыр болуптур admin сураныч текстин жуктоп койунуздарчы
14.08.2014. 01:53
 kelechek.kg
Динара Акулованын бул махабат деген ырын кантип тапса болот
14.08.2014 10:34
admin_superstan
kelechek.kg, http://www.super.kg/media/audio/73439/
14.08.2014. 08:29
 ayakosya
Аранжировкасы бир аз окшобой калган го. Созу обону жакшы.
15.08.2014. 13:29
 elvira1980
эн сонун ыр!Жоодарбешим азаматсын ырлардын багын ачып ырдайсын!(любой ырдын)Талантына таазим!Ар дайым ата-энен бир туугандарын менен аман бол!
20.08.2014. 17:32
 dastan_nookat
Текст кошуп койсонуздар суранам!!!
21.08.2014. 13:23
 Samandar
Аллах ыраазы болсун сонун ыр рахмат сага,бирок бир тууган иним кокус отуп кетти мин арман
22.08.2014. 22:29
 Beka0001
жакшы ыр екен,
23.08.2014. 01:31
 meykin94
Баардыгы жакшы.... Кайраттан ойдо ырдайт го дейм....
12.09.2014. 16:45
 good-girl
En sonun bir tuugandarybyz amanchylykta boluwsun teg gana ALGA===>
20.09.2014 11:24
Kutman92
good-girl
20.09.2014. 11:25
 Kutman92
Супер
01.10.2014. 09:06
 hanshekir
абдан сонун
22.11.2014. 01:18
 zhyzel
Жоодарбешим ырларындын баары сонун ийгилик сага!Дагы да коптогон ырларды кутобуз!Алга !
22.12.2014. 06:04
 meerim_lady
Аябай жакшы ыр экен. Чет жерде жургон бир тууганымды абдан сагынган элем. Жалпыбыздын бир туугандарыбыз аман болсун ылайым!
26.01.2015. 20:49
 hakker_a
Мына Жоодарбешимден дагы бир мыкты ыр. Жаман ойлобо деген ырым жаттадым.
эми буюрса бул ырды да жаттаймын
04.11.2015. 00:47
 not_important_who_I_am.
Сонун ыр жагат мааниси да чон бир туугандарымды сагынганда угуп журом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо