Назми "Классташтар"
03:44
8,52 Мб
Жүктөлгөн: 13-08-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(4 добуш)
Эски гитар колдо муңканып,
Ээн көчөдө ырдайм үн салып.
Окуучулук күндөрүмдү,
Эске салып жүрөм күндө,
Көөдөнүмө батпай кусалык

Кайырма:
Токтоп турчу мезгил талпынбай,
Өтөсүңбү моокум кандырбай.
Жаңы-жаңы үмүт менен,
Издеп, таппай күтүп келем.
Классташтар кайда алтындай?

Алыс болду бекем аралык,
Жакын болсо жетип баралык.
Тагдыр өзү кошсо керек,
Кандай сонун достор элек,
Мына минтип чилдей тарадык.

Кайырма:

Күтүүдөгү күндөр өтөт жай.
Мейли өмүрлөр өтсүн узактай.
Кош айтышпай калган элек,
Жолугабыз анда демек,
Бирок, бирок дале кош айтпай

Кайырма:

Комментарийлер (5)

20.08.2014. 02:10
 jazka-jaz77
Эн сонун. Назминин үнү тунук,жакшы ырдаптыр.
20.08.2014. 17:09
 dastan_nookat
Jaksu ur eken!!
11.11.2014. 13:18
 Mekalove5551
10 жылдык 20жылдык болот го мектепти буткондо ошол кечелерге ырдай турган керемет ыр экен
27.05.2015. 18:18
 avazkg
эн соонун
08.06.2015. 16:29
 aziko1414
Klassss
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо