Азиза, Роза Шакирова, Айнура Салахидинова "Апам"
03:48
3,48 Мб
Жүктөлгөн: 18-08-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Кубат Жакыповдуку
Обону:А.Карымовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.31/5
(13 добуш)
Өмүргө келдим, өзүңдү көрдүм,
Түйшүгүм тартып, түн уйкуң бөлдүң.
Алпештеп бактың, азабым тарттың,
Апакем менин, алмашкыс бактым.
Мээримиң төктүң, эркелеп өстүм,
Арнасам деймин асылын сөздүн.

Тилегим тилеп, турмушка сүрөп,
Өксүгөн кезде, өзүңсүң тирек.
Энекем күнүм, бой жеттим бүгүн,
Алайын колго Ата Журт жүгүн.
Апакем менин, ак бата бергин,
Болгун деп кызы кыргыз элимдин.

Түйшүктөн качпайм, эмгегиң актайм.
Насаатың накыл жүрөктө сактайм.
Бейишим менин, өрүшүм менин,
Ыйыктан ыйык кол тийбес чебим.
Гүлдөгөн бакчам, бүтпөгөн дастан
Мен үчүн апам күн-ай, жер-асман.

Комментарийлер (12)

18.08.2014. 16:38
 Samat.A.A
Апалар бар болсун, силерге ийгилик)
19.08.2014. 01:00
 dastan_nookat
Текст Кошуп койсонуздар суранам!!!!
19.08.2014. 11:16
 alai81
Озумдун эжелерим го.рахмат жакшы ыр учун.
20.08.2014. 01:46
 Shah
rahmat ejekeler alga
20.08.2014. 02:10
 suiutbekov1989
Апамды сагынып кетимго
21.08.2014. 09:24
 nurizka..
супер азаматсыздар менда апамы сагынып кетим
22.08.2014. 12:42
 oki-doki
Бейишим менин, өрүшүм менин,
Ыйыктан ыйык кол тийбес чебим.
Апакем аман Болсун!
28.09.2014. 23:58
 bakti-88
super
17.10.2014. 12:19
 aykyz
Ушул ырынарга клип тарткыла да апакелеринерди, соонун болот!
16.04.2015. 23:13
 nasikat.turarovna
азаматсынар
07.02.2017. 15:12
 Baidyn_kyzy
Мамамды сагындым
15.01.2018. 13:20
 Anarushka
Аябай сонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо