Гүлнара Калдарова "Апакем"
04:05
3,73 Мб
Жүктөлгөн: 18-08-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Маматкадыр Тиллебаевдики
Обону:Таалай Турдубаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.53/5
(19 добуш)
Мүрөктүн суусу болсо, берер элем,
Картайбас болуп апа, ичер белең.
Жашартып жаратканым берсе эгер,
Бүт болгон байлыгымдан кечер элем.

Кайырма:
Ааламдын алпы болуп жаралсам да,
Бир жолку азабыңды чечер белем.
Сан жеткис түйшүгүңдү өзүм алсам,
Апакем кадырыңа жетер белем?

Даарысын өлбөстүктүн тапсам эгер,
Жүзүңдү бырыштардан сактар белем.
Дүйнөнү төрт айланып, көтөрсөм да,
Апакем ак сүтүңдү, актаар белем?

Кайырма:

Комментарийлер (18)

18.08.2014. 19:28
 Baky1987
Аябай сонун,маанилуу ыр экен.Азаматсыз Гулнара эже.Апаларыбыз аман болсун!!!
18.08.2014. 20:04
 Bella-life
Азаматсыз Гүлнара айым, сиздин ырларга суусап турам!!!
АГК сахнага баш оту м.н киришип чыгып кетишсе күйөрмандар үчүн чоң сүйүнүч болот эле...
Көптөн бери сагынттынар...
19.08.2014 11:18
alai81
Bella-life, кошулам мен дагы АГКны куткондордонмун.
18.08.2014. 22:50
 mari6674
Кандай гана асыл создор "жашартып жаратканым берсе эгер, бут болгон байлыгымдан кечээр элем", "дарысын олбостуктун тапсам эгер, жузунду бырыштардан сактаар белем". Апалар дайыма бар болуп, туболук жашаса кана аттин дуйно! Апаларыбыз дайыма бар болсун!!!
18.08.2014. 23:50
 nurizka..
энелер жонундо ырдалган ырлар баардыгы соонун жаманы жок азаматсыз
19.08.2014. 01:33
 turatbekovna81
Укмуш сонун журоуктон чыккан создор.Азаматсыз Гулнара эже! Сиздин кайсы ырынызды укпайлы журогубуз элжиреп угабыз.Жайнаган коздорунуз, кубулжуган унунуз менен бутун Кыргыз элинин журогунон орун таптыныз.Ылайым энелерибиз картайбасын сизге чыгармачылык ийгилик эжооуу!!!
20.08.2014. 00:19
 Alai.kyzy
Ушул ырды угуп ыйлагым келип кетти. Апамды сагындым. Жанында жургондо билип -билбей капа кылып алабыз. Анан алыста жургондо эстеп, окунобуз. Апа деген биздин баа жеткис байлыгыбыз. Апабыз гана бизди ар учурда колдойт, эч качан сатпайт. Ыр сонун. Озумо жуктоп алдым. Унум жок болсо да ырдап журом!)))
20.08.2014. 00:21
 Alai.kyzy
Гулнара эже, талантынызга таазим. Ырларыныз сонун!
21.08.2014. 11:51
 baby
Эх кандай гана козго жаш кылгырткан ыр,кандай керемет обон негизгиси ушул ырды коркуно чыгарган мукамдуу булбул ун. Азаматсыз Гульнара эжеке.кудайым энекебизди бар кылсын.Унунузго,талантынызга таазим. Сиздей эжекебизди ааламга алып келген энекениз дайым бар болсун!!!!!!! Рахмат сизге, биз сизди аябай жакшы коробуз.эч качан энекениз да. сиз да картайбаныз.мотурайган аяночканыз да бактылуу кыз болуп чонойсун......
21.08.2014. 14:03
 suyom_seni
++++555555555
22.10.2014. 12:55
 Tolych
Админ!!!Кочурууну бассам сайттын бети ак болуп катып калып жатат!Эмнеден?
22.10.2014 13:47
admin_media
Tolych,
Саламатсызбы! Оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу азырынча көчүрүү мүмкүн эмес.
19.12.2014. 22:39
 elvira1980
Гулнара
Калдарованын гулдор гулго деген ырын жуктоп бериниздерди суранат элек Токон Эшпаев агабыздын ыры эле рахмат
22.12.2014 14:40
admin_media
elvira1980,
Саламатсызбы! Жакын арада жүктөп коебуз, сунушуңузга рахмат!
29.01.2015. 12:21
 admin_media
asel.bahtierova,
Саламатсызбы!
Бизде колдонуучунун 15 мүнөт ичинде 10 файл көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү бар (видео же аудио болсо да). Эгерде 10дон ашып кетсе, "Медиа-порталдын" негизги бетине ыргытып салат. Бир аз убакыт өткөрүп, анан көчүрсөңүз болот.
08.07.2015. 23:03
 Maksutov.95
Жакшы ыр болуптур. Салам админ ушу ырдын тестин суранам
02.11.2015. 22:20
 Adiiko
Зынк ырго бизге жакты
12.12.2015. 21:28
 RaHat19
соонун ыр болуптур апалар бар болсун эненин таманында бейиш дегендей эле энелер апалар келечектеги эне болчу кыздарыбыз аман болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо