03:34
3,27 Мб
Жүктөлгөн: 15-04-2010
Сөзү:Жамийла Муратованыкы
Обону:Жамийла Муратованыкы
Көчүрүү
Көк майсаң көркөм, ай, тектирдин,
Гүлдөрүн искеп, ай, көп бердиң.
Сырланган сулуу кызгалдак,
Сыймыгы белең, ай, көктөмдүн?
Кайырма:
Кызгалдак, кызгалдак,
Сыймыгы белең, ай, көктөмдүн?
Кызгалдак, кызгалдак,
Сыймыгы белең, ай, көктөмдүн?
Кубанып карап, ай, күлүпмүн,
Аралап басып, ай, жүрүпмүн.
Көктөмдү сүйгөн кызгалдак,
Күлкүсү белең, ай, жигиттин?
Кайырма:
Кызгалдак, кызгалдак,
Күлкүсү белең, ай, жигиттин?
Кызгалдак, кызгалдак,
Күлкүсү белең, ай, жигиттин?
Куудуңдап кыштын, ай, ызгаарын,
Ордуна өстүң, ай, муз-кардын.
Көктөмдөр сүйгөн кызгалдак,
Курдашы белең, ай, кыздардын.
Кайырма:
Кызгалдак, кызгалдак,
Курдашы белең, ай, кыздардын?
Кызгалдак, кызгалдак,
Курдашы белең, ай, кыздардын?
Комментарийлер (10)