Gulzada, Гүлжигит Калыков "Жалын бий"
03:00
6,86 Мб
Жүктөлгөн: 27-08-2014
Жанр: Фольклор
Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Кубандык Жаасын уулу
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(8 добуш)
Байыркыдан жалын бий,
Бактыбызга жанган бий.
Башат алып кыргыздан,
Бардыгына майрам бий.
Өргө чапкан жалын жаш,
Өтүп кетсе таңылбас.
Эр жигитке шайма-шай,
Эргип бийле карындаш.

Кайырма:
Шумкар канат каккандай,
Учуп бара жаткандай.
Талпыналы жарышка,
Тайторуну чапкандай.
Кандай адам тим турат,
Талбай жүрөк булкунат.
Жалпы тегиз бийлесек,
Жалындасын ынтымак.

Күүгө келип тилектен,
Күйүп жанып күн өткөн.
Жаның барда өчүрбө,
Жалыныңды жүрөктөн.
Шарапаттуу дүйнөдөй,
Шаңга кошул сүрдөбөй.
Кантип чыдап турасың,
Карап четте бийлебей.

Кайырма:

Жарк эткендей чагылган,
Жаралган бий жалындан.
Шат өмүргө жарык бол,
Шамчырактай жагылган.
Күлкү менен жашарып,
Күн балдары аталып.
Бийлеп кары-жашыбыз,
Бир кумарга баталык.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

27.08.2014. 20:21
 Patrik
Ыр жакшы болгон. "Эргип бийле Эргип бийле" деген жерин кошпой эле койбоптур.
29.08.2014. 21:49
 djkaro
сөз жок) баары төп келишкен
06.12.2014. 20:16
 tipgul
Соз жок
16.01.2015. 23:12
 nuris208
Клиби да озу да жакты.... Шандуу экен тойлордо бийлей тургандай:-)
17.03.2015. 14:47
 Fasebook
Гулзаданын уну укмуш да
04.02.2017. 00:03
 kydyrmyshova
Абдан сонун ыр экен мага аябай жакты молодцы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо