Бек Борбиев "Мен сени сагынган бойдон жүрөм"
04:04
3,75 Мб
Жүктөлгөн: 11-09-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Бактыгүл Чотурованыкы
Обону:Б.Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.48/5
(23 добуш)
Көп элес өчпөстөн эсте баары,
Көңүлдүн калса да бөксө жагы,
Мен сени сагынган бойдон жүрөм,
Мезгилдер карматпай өтсө дагы.

Жүрөктүн буйругу башкачабы,
Жүрсө да тагдырдын канча тагы,
Мен сени сагынган бойдон жүрөм,
Жашынып жаштыгым калса дагы.

Өлчөмдүү бул өмүр тура кыска,
Өткөнгө өкүнүч кылабыз да.
Мен сени сагынган бойдон жүрөм,
Баладай багынбай убакытка.

Жыргатпай куу турмуш сонунуна,
Жылдарды койсо да орунуна,
Мен сени сагынган бойдон жүрөм,
Тумардай тагынып моюнума.

Комментарийлер (64)

16.09.2014. 14:35
 Makaton
"5" !!!
16.09.2014. 14:36
 Makaton
Супер инфо, Бек байке минустарын берсе, сайтка чыгарып коёсунарбы, уйдо отуруп караоеке кылып ырдаганга...
16.09.2014. 15:36
 admin_media
Mir83,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат?
16.09.2014. 20:39
 Nursultan.m.n
супер!!!!!
17.09.2014. 16:17
 ayildik_kiz
Мен дагы бир адамды сагынган бойдон журом
18.09.2014. 12:53
 simple_girl2015
Cагыныч кандай жаман. Сени сагынганымы сезсен боло....
21.09.2014. 01:02
 eldar87
Жүрөктүн буйругу башкачабы,
Жүрсө да тагдырдын канча тагы... эээээх
24.09.2014. 16:48
 kgz90912011
Айабай Сооооооооооонун Супер +5 Бек Брат
25.09.2014. 16:25
 Мэри
Ах, Бек байке, кишинин ыйлагысын келтиресиз да...
Рахмааат...
26.09.2014. 10:23
 aykyz
Мен сени сагынган бойдон жүрөм, мезгилдер карматпай өтсө дагыыыыыы.
28.09.2014. 00:14
 aiza.kyrgyzkyz
Уккулуктуу ыр экен, адамдын журогундо катып калган АЙСБЕРГти ээриттет го чиркин(((
10.11.2014 13:08
toktonazarova
aiza.kyrgyzkyz, боорум ай боорум
29.09.2014. 11:04
 kaiurka
иииииии журокту эзген создор экен Бактыгул эжеге да Бек байкеге да рахмат кайра кайра угуп атам
02.10.2014. 10:49
 gulsan
Аявай жакты ушул ыр. Сагынычты муздаткычта сактагандай, эч эскирбейт, же унутулбайт. Тааптаза бойдон, сагынган бойдон журо берген кандай жакшы. Кар жааганда ошол мезгилдин жыты келет. сагыныыып кетесинго.
04.10.2014. 23:35
 gulzarali
Мен учун эле чыгарып койгондой ушул ырды((( кандай жаман бироону сагынган(((. Эн сонун ыр.
05.10.2014. 13:56
 apeli_apeli
Жакшы ыр экен..
12.10.2014. 14:57
 Samandar
Тексти жазган Бактугул эжеге чон рахмат,сонун ырдаган Бек байкега ийгилик,анан да бул ырды Надира Сарыкова да жакшы ырдайт Т.Колдошовтун обону мн,Бактугул эженин ырлары сонун озу,Акназар.Бакирович.
14.10.2014. 16:37
 omurzak
super/kg Админ Бек Борбиевдин жубайлыка жарабаган деген ырын жуктоп берсенер жакшы болмок Рахмат
14.10.2014 17:19
admin_media
omurzak,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/93517/
15.10.2014. 13:40
 meka
аябай жакты
15.10.2014. 19:31
 guli78
Талантынызга таазим рахмат коптогон ийгиликтерди каалайбыз жана да ушундай жакшы ырларыныз менен журокту кытыгылап журо бериниз элиниз сиз менен сыймыктанат.
24.10.2014. 21:41
 aitbek.06
жакшы жакты мага!!! АЛГА Бек байке!
28.10.2014. 16:30
 GUMU
Мен сени сагынган бойдон жүрөм,
Тумардай тагынып моюнума.
04.11.2014. 03:35
 youngyoung
Ыйлатты гоооо
04.11.2014. 15:17
 admin_media
Munara-9-0,
Саламатсызбы! Браузердин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз. Катачылыктар кайталанса, бизге купуя кат жазып койсоңуз, рахмат!
10.11.2014. 15:23
 admin_media
arzyy,
Саламатсызбы! Браузердин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз.
14.11.2014. 23:55
 karasyy.love
Жанымда олтурсан да сени сагынам
12.01.2015. 07:19
 Jazgul85kg
Мен да бироону сагынып журом .бул ыр айабай жакты .Бек байкеге ийгилик коштосун ар дайым
22.01.2015. 22:51
 Kg_boy91.91
Азамат классс
10.02.2015. 16:14
 sekelek96
Супппер
21.02.2015. 15:10
 Askatbek92
Урматтуу админ сиздерден сураныч ушул ырлардын минустарын да жуктоп койунуздарчы! Рахмаат.
13.03.2015. 14:11
 Altynbekbest86
Мен дагы бир адамды сагынган бойдон журом...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо