04:11
3,82 Мб
Жүктөлгөн: 12-09-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
Күмүш, алтын жалбырактуу жаз гүлүм,
Күлүп койсоң күнүм чыгат, назгүлүм.
Уяң карап жаш кезиңде жүрчү элең,
Уялбастан ошол катты жаз бүгүн.
Таппадым мен сага теңдеш эч, гүлүм,
Бир өткөн жок сени эстебей кеч, түнүм.
Жашырынып көзүң ала каччу элең,
Жаным, ошол сыр түймөгүң чеч бүгүн.
Сыр түймөгүн чеч бүгүн.
Кайырма:
Бир учалы улуу тоонун кушундай,
Бирде сынып, эрип мөңгү музундай.
Экөөбүздү ажыратып, бир кошкон,
Демек, жаным, биздин тагдыр ушундай.
Жаралгандай жалгыз мага ай-күнүм,
Жаркылдайсың, булактайсың, ай, гүлүм.
Көңүлүңдү түйө байлап жүрчү элең,
Көкүрөккө чачтарыңды жай бүгүн.
Суусагандыр, буулуккандыр бак, гүлүң,
Сапырылсын сезимдериң, чач бүгүн.
Көрүндүгүн сагынычтын берейин,
Көшөгөңдү көөдөнүмө ач бүгүн.
Көшөгөңдү ач бүгүн.
Кайырма:
Комментарийлер (25)