04:05
3,74 Мб
Жүктөлгөн: 18-09-2014
Жанр: Ретро
Сөзү:Байдылда Сарногоевдики
Обону:Алтымыш Кадыровдуку
Көчүрүү
Бал болсоң бачым татайын,
Башымды сага катайын.
Махабат ташып жүрөктөн,
Бактылуу болуп жашайын.
Гүл болсоң күндө жыттайын,
Күлкүңдөн башка укпайын.
Жайды жайлап, айды айлап,
Жаныңдан алыс чыкпайын.
Сен менен өмүр бир өтсүн,
Сен мага сүйүү мүрөксүң.
Кай жерде жүрсөк бир каксын,
Кагышы эки жүрөктүн
Комментарийлер (0)