Мирлан Жетигенов "Кыйбаймын"
04:23
4,01 Мб
Жүктөлгөн: 22-09-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(2 добуш)
Жүрөккө сактап тумардай,
Жүрөмүн эстен чыгарбай.
Балалык таза сүйүүмдү,
Дагы эле турам кыя албай.

Сагынткан сезим санаамдай,
Саргайып келем таба албай
Коногу болуп өмүрдүн,
Колумдан учту кармалбай.

Кайырма:
Бир гана өзүң деген,
Билинбей дирилдеген,
Биринчи сүйүүмдү мен кыйбаймын,
Балалык сүйүүм анан,
Алыстап сенден барам
Кайрылбай кеткен сени кыйбаймын

Көзүмдөн учуп карааның,
Көңүлдүн отун жагамын.
Алгачкы сүйүүм сагынткан,
Айтчы эми кайдан табамын

Өмүрдө болот жаңылуу,
Өлчөөсү чексиз кайгыруу.
Жолуңдан канча күтсөм да,
Жолугуу арты айрылуу

Кайырма:

Комментарийлер (5)

23.09.2014. 22:58
 nurlanrabaev
Жакшы ырдаптыр!!!
Созу Ш.Дуйшшевдики
Обону С.Момбековдун Жаштык сыры аттуу ырын жуктоп койгулачы, чон сураныч. Мирлан Жетигеновдун аткаруусундагы.
24.09.2014 17:46
admin_media
nurlanrabaev,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
Комментарийлерди жашыруу
03.10.2014 23:41
nurlanrabaev
admin_media, Менин суранычымды тезирээк жуктоп койгулачы
06.10.2014 12:16
admin_media
nurlanrabaev,
Колубузга тийсе эле жүктөп коюуга аракет кылабыз, түшүнүү менен кабыл алып күтө турасыз деген ойдобуз, рахмат!
26.11.2014 12:17
nurlanrabaev
admin_media,
менин суранычымды аткарганынарга чоон рахмат!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо