Малик Аликеев "Келбедиң..."
03:18
3,03 Мб
Жүктөлгөн: 24-09-2014
Жанр: Фольклор
Сөзү:А.Өмүркановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(5 добуш)
Жүрөктө жүргөн сезим каргыл болуп,
Күткөнмүн күндө ойлонуп, калбыр болуп.
Келбедиӊ ак кайыӊдан, салаалаган
Тамчыдай жашым акты, жамгыр болуп.

Ал сезим калмак элес, санат болуп,
Канымды кайнатыӊ сен шарап болуп.
Келбедиӊ жапжаш сүйүүм жабыркады,
Добулда жерге ийилген дарак болуп.

Жарына жеткендерде кандай арман?
Сен кеттиӊ жарым болбой ардакталган.
Мен боздоп бопбош калдым өмүр бою,
Уядай боз торгою келбей калган.

Келбесиӊ калган убак анык болуп,
Жүрөсүӊ анда кимге жарык болуп?
Секетим, сени ойлонуп муӊданамын,
Суу акпай какшып калган арык болуп.
Секетиӊ күндө ойлонуп, муӊканамын,
Өзүӊсүз өткөргөн күн супсак болуп.
Жүрөсүӊ алда кимге жарык болуп?

Комментарийлер (7)

25.09.2014. 23:50
 taalay89
Ыр деп ушуну айт баракелдиии
27.09.2014. 10:38
 Rasuli
Сонун ыр экен...
30.09.2014. 09:38
 taalay89
Элмирбек иманалиевдин даниярдын ыр деген ырын жүктөп койуңуздарчы суранам
30.09.2014 14:36
admin_media
taalay89,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
23.11.2014. 13:36
 Jenish_kg1
Salamatsyzby admin! Azyrky kyrgyz folklorunda taanymal bolgon Omurzak Kaiypovdu dagy tizmeke koshup koiunuzdar4y sizderden surany4??? Yrdagan yrlary, dastandary, degi kop 4ygarmalardy atkaryp kyrgyz eline taanytyp jashtardy kyzyktyryp kelgen..
20.02.2016. 20:15
 karlik
Кымбатым деген ырын дагы кошуп коюнуздарчы админ сураныч
22.02.2016 14:25
admin_media
karlik,
Саламатсызбы! Тилекке каршы Малик Аликеев мындай аталышта ыр аткарбагандыгын кабарлады.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо