Кенже Кубатова "Болгон жакшы"
04:10
3,81 Мб
Жүктөлгөн: 25-09-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Г.Шакированыкы
Обону:М.Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.75/5
(4 добуш)
Саматып издериң болгон жакшы,
Сагынган кучагың толгон жакшы.
Бактысыз турмушка басынганча,
Баалаган жанга жар болгон жакшы.

Кайырма:

Жакшылык бактыга жетелетет,
Жаштыкка өмүрдү тетелетет.
Жакшыдан жан дүйнөң азыктанып,
Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт,
Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт.

Сүйдүрүп издээриң болгон жакшы,
Сүйүүнүн суугуна тоңгон жакшы.
Сүйбөгөн бирөөгө кор болгончо,
Жакшыга жанашкан жолдор жакшы.

Кайырма:

Сырдашар курдашың болгон жакшы,
Сыйлашып кармашкан колдор жакшы.
Билбеске бирикпей кор болгончо,
Билгендин бийиги болгон жакшы.
Кайырма:

Комментарийлер (6)

30.09.2014. 12:05
 Jamalym
Ушул ырды таппай жургом.Рахмат!
30.09.2014. 13:58
 Lazat
Ушундай ырлар көп болсун
23.10.2014. 09:04
 adi.anara
Заманбап сонун ыр.
11.01.2015. 16:57
 december
Сонун ыр. Созун да киргизип коюнуздарчы.
08.04.2015. 15:47
 ferrara2014
Ушул ырдын созун жуктоп койосуздарбы?
21.03.2016. 09:11
 Bazana
Сонун ыр журокко жетет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо