Руслан Нарынбаев "Арзуу"
03:32
4,04 Мб
Жүктөлгөн: 25-09-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(5 добуш)
Бүтүмү жок чечимдерим чечилбей
Кыял күйүп, үмүткө күн үшүгөн
Жүрөк сыздап, жүлүндөрүм зыркырап,
Көзүм тоюп сүйүп калдым мен ичимден.

Балким алдоо көкүрөктүн багытын
Көзгө каткан каректеги сагынычым
Арзуу тилеп араң жүргөн жан элем
Уулуу дарттан келип жүрөт айыккым.

Соорото албай өбөт төбө буркурап,
Ысымы жок жаздым сенден ыр курап.
Ай-ааламдан кайып болуп келгендей,
Дайынын таппай турам неге тунжурап.

Бүтүмү жок чечимдерим чечилбей
Кыял күйүп, үмүткө күн үшүгөн
Жүрөк сыздап, жүлүндөрүм зыркырап,
Көзүм тоюп сүйүп калдым мен ичимден.

Көзүм тоюп сүйүп калдым мен ичимден.
Сүйүп калган кишим сен

Комментарийлер (6)

25.09.2014. 16:26
 aykyz
Руслан Нарынбаевдин Кызганам деген ырын жуктоп коюнуздарчы.
Сен кочодо бассан бассан жарашып,
Суктанышат баары сени карашыып деген саптары бар.
26.09.2014. 00:47
 joma.z
Руслан сизге,ийгилик ырларыныз барын угуп журом,жакшы аябай,дагы кутобуз ырларынызды,питерден
26.09.2014. 04:40
 az11as
Саламатсыздарбы Супер Инфо. Руслан Нарынбаевдин торгоюм деген ырын жуктоп коюнуздарчы сураныч
26.09.2014 11:01
admin_media
az11as, aykyz,
Жакынкы күндөрү сунушуңуздарды орундатууга аракет кылабыз.
17.02.2015. 05:57
 black_star_9494
Торгуюм деген ырын жуктоп коюнуздарчы Супер жамааты
17.02.2015 15:15
admin_media
black_star_9494,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/136047
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо