Жоодарбешим "Той ыры"
04:01
3,67 Мб
Жүктөлгөн: 01-10-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Т.Нурматовдуку
Обону:Т.Нурматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.83/5
(6 добуш)
Кубанычтар дайра болуп агылып,
Келин келет ак шөкүлө жамынып.
Куттукташып жубайлардын үлпөтүн,
Той башталды, той башталды,
Алакандар, алакандар чабылып.

Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.

Ак тилектер, ак ниеттер айтылып,
Апалардын чачыласы чачылып.
Кана эмесе, оо, туугандар ак жол тилеп,
Каалайлы, каалайлы,
Узун өмүр, узун өмүр, чексиз бакыт.

Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.

Жоодураган көздөр көзгө кыналып,
Жашагыла жазгы гүлдөй буралып.
Абийирдүү, ар намыстуу болсун деп,
Ата-энеңер, ата-энеңер, ата-энеңер бата берет кубанып.

Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.

Комментарийлер (22)

01.10.2014. 15:33
 Gen_fanat
Пышпаган ыр болуп калыптыр. Муну кайта кайта ырдап анан эл алдына алып чыгыш керек болчу.
01.10.2014. 15:57
 elkat
Мага жакты.азаматсын башка ырчыларга караганда иштеп аракет кылып жатат.Эски ырларга ушинтип жан киргизе бер.унун жакшы
01.10.2014. 16:08
 edu.kg
бирнерсе жетишпейт чо то..
01.10.2014 16:23
Daiza
edu.kg,
мен да кошулам, бети кызарып бышпаган нан да вкусу башкача болуп калат го ошого салыштырдым. Мурда унуно эффект кошуп, укмуш кылып койду да мында болсо озунун болгон унун жаздырып арзан ыр кылып коюптур. Нурматовдун ырынын денгээли мындай эмес эле!
01.10.2014 23:23
Desmond
edu.kg, сен жетишпей жаткан жоксунбу дейм даа))

Молодец досумбек соонун ыр соонун ыр болуп калыптыр, ИЙГИЛИК!!!
01.10.2014. 16:43
 suyom_seni
Музыкасы пышылдайткоо.... Унуно соз жок!)
01.10.2014. 18:51
 burka
кубанычтар дайра болуп агылып дегенде дайра деген жери ууужас болуп калыптыр анан дегенде жон эле зерикенде ырдап койосун гоо ошондойго окшоп калыпьыр
01.10.2014. 20:20
 bekbolot1964
koro albastar kop eken inim.talykpay ishtey ber.bular senin ishtep jatkanyny koro albagandar.dagy yr jaza ber ugup koldop turabyz.kyrgyz eli ilgerten biri birin koldop kelgen.biz koldoybuz.
01.10.2014 20:55
edu.kg
bekbolot1964, бул жерде эчкимди биро бирону кор албаган адам жок:( болгону бираз начарыраак болуптур деген соз. Биз да арбир кыргыз ырчыларына ийгилик каалагандардын бирибиз ырчы жигит негизи жакшы ырдайт ага соз жок...
01.10.2014. 22:44
 Zalkar93
Азаматсын
01.10.2014. 23:11
 sara90
myncha wawuluwtyy tyrdo jazulganby??? Adamdar da byilegidei kulup aranjirovka kulsa bolmok...jakpady;((
01.10.2014. 23:34
 bolot00
555555555555
02.10.2014. 01:23
 bekbolot1964
Dagy jaza ber inim.jany chygyp jatdan da mykty chygyp jatasyn.Bul yrdy katuu koyup alyp biylesh kerek eken
02.10.2014. 02:54
 Eseke2013
Супер братан
02.10.2014. 11:02
 Dj_NEWANS
Эээй Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Мага жакты современный болуптур баары жайында!!!
02.10.2014. 13:18
 laki
Карамат ырдаптыр!
02.10.2014. 16:09
 Begimkyz
Мага жакты.
02.10.2014. 17:00
 sen_emes
хеейй десе чоуп кеттимго ким кыйкырып атат эшикте деп
02.10.2014. 19:01
 sekelek96
Iiiiii janygo jany suiomda suiom,soonun yrdaptyr!molodes
02.10.2014. 23:55
 Aiaium
Бул баланын уну соонун ырларыда жакшы бирок ушул ырды дагыда шандуурак ырдаганда мынданда сонун болмок.
03.10.2014. 23:38
 Samat.A.A
Чынында эски ырларды азыркы ырчылар жеткиликтүү ырдаша албай жатат, мындай эле укан да сезилип жататко ообону жетбегени, кебир ырчылар ырдап көрүп ырдай албаганын билип эле ырдабай койсо болот.
15.10.2014. 20:38
 dastan_nookat
Супер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо