Тата Улан "Дагарага"
03:48
3,47 Мб
Жүктөлгөн: 03-10-2014
Жанр: Рок-музыка
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Кайырма:
Бум дагарага,жүлүнүңдү жулкуп
Ким капа кылса, баарын кечип унутуп
Мен бара-бара, жүлүнүңдү жулкуп
Сөз менен кытыгылап,үн дүрбөтүп

Эс алам деп кыялданып
Обонумду койсоң
Андан көрө жездекеңдин
Кулагынан чойсоң
Бул добуштар жан дүйнөңө
Кирип алып калчайт
Тамшантып бир калыпта
Калыптанып тымбайт
Ыргагыма башың менен
Жай-жай калча
Бутуң менен дал келтирип
Обонумду тапта
Бул ырымды көп укпагын
Сага деги жетишет
Калчылдаган абалыңда
Ала качып кетет

Кайырма:

Ии кандай экен музыка
Даң-даң, дуң деп
Кара жорго бийлебесең
Тыңдап тургун ийкеп
Убакыттан пайдаланып
Үйрөтөйүн деп чечтим
Ачуу сөздү айтчу болсом
Алдын ала кечиргин
Эмне мынча көп чегесиң
Түнү чардап ичесиң
Жашоо деген кыска нерсе
Эртең эле кетесиң
Мас болгондо эмне кызык
Кимге жагат кебетең
Терең-терең ойлон досум
Сен алданып жүрөсүң

Кайырма:

Мейли анда тажатпайын
Эмне кылсаң ошо кыл
Жаман нерсе каалабаймын
Өз жашооңду өзүң кур
Бийкечтерден чоң саламды
Түз басканга узатам
Кыргыз кыздар намыстуу деп
Аз болсо да мактанам
Азгырылба кир нерсеге
Уят кылбай бекем тур
Түз узасаң тез жетесиң
Бул сөздөрдү эстей жүр
Ассаляму уа алейкум
Өзгөчө бир чоң салам
Хиджаб кийген карындашка
Ыйманыңа суктанам

Кайырма:

Оңдон солго, солдон оңго
Даңкылдаган добулбас
Жеңилирээк ыр жазганга
Күйөрманым таарынбас
Баары бирдей сүйлөшкөнсүп
Ырларымды коюшпайт
Бирөө айтат Кудай дедиң
Бирөө айтат саясат
Элге жазган ырларыма
Тыюу салды "не формат"
Инш Алла баарын жеңебиз
Баратабыз көбөйүп
Болду эми токтотоюн
Даңкылдактын чеги бар
Жагып калса сага белек
Каалаганча угуп ал

Комментарийлер (25)

03.10.2014. 18:53
 laki
Көрүнбөй кетти эле бул байке, жакшы! Обону мурунку ырларыныкына окшошот экен!
03.10.2014. 19:39
 kama_future_millioner
Мейли анда тажатпайын Эмне кылсаң ошо кыл Жаман нерсе каалабаймын Өз жашооңду өзүң кур Бийкечтерден чоң саламды Түз басканга узатам Кыргыз кыздар намыстуу деп Аз болсо да мактанам Азгырылба кир нерсеге Уят кылбай бекем тур Түз узасаң тез жетесиң Бул сөздөрдү эстей жүр Ассаляму уа алейкум Өзгөчө бир чоң салам Хиджаб кийген карындашка Ыйманыңа суктанам
03.10.2014. 19:40
 kama_future_millioner
Ачуу сөздү айтчу болсом Алдын ала кечиргин Эмне мынча көп чегесиң Түнү чардап ичесиң Жашоо деген кыска нерсе Эртең эле кетесиң Мас болгондо эмне кызык Кимге жагат кебетең Терең-терең ойлон досум Сен алданып жүрөсүң
03.10.2014. 20:57
 Maratturat78
50 cent
03.10.2014. 22:12
 Suluwka95kg
ушул байкебизди да ырдадтпай койуштуго ошол учун жок болуп кетти да болбосо мындай ырлардын даалайын чыгармак да
04.10.2014. 02:56
 maks.kg.11
Базар жокго татага
05.10.2014 00:33
altyw555
сууууперр...ХХХХ ХХХХМодератор admin_media түзөттү 06.10.2014 11:23
Комментарийлерди жашыруу
06.10.2014 11:23
admin_media
altyw555,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
04.10.2014. 03:35
 ilgiz-kg01
bravoo super!!
04.10.2014. 14:53
 Alisher
En jaksi maaniluu.Allah razi bolsun...
04.10.2014. 20:44
 bais88
жаксы унады олен жаксы екен
05.10.2014. 00:10
 kymaw
алгаа тата улан чыгармачылык ийгилик
05.10.2014. 03:00
 klassap4ik
класс! Соонун чёткиий .) болуптур
05.10.2014. 13:31
 naz_aika87
Ураттуу супер инфо сиздерден отунуч non stop группасынын ырларында жуктоп берсениздер? Алдын ала чоон рахма. Сени суйуп бир озуно ашыкмын- деген кайрыктары бар эле бир ырында, ошол абдан жагат.
06.10.2014 11:24
admin_media
naz_aika87,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/?search_term=non+stop&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
05.10.2014. 20:15
 german89
молодец соз жок ушундай ырлардан кобурок жазып тур ))))))
06.10.2014. 08:16
 kandaisyn
ото бетке айткыч мырза, жасалмасы жок.
06.10.2014. 10:54
 adilet_3234
Ачуу чындык
04.11.2014. 10:30
 Araika
Ассалааму алейкум.Текстинде таасирлуу создор бар. Ушул байкенин создору мени хиджаб кийуумо себеп болгон. Жанагы бир ыры бар го хиджаб кийген бир кыргыз кызы коргойт биздин намысты. Деген ошол ырын укканда абдан таасирленгем. Рахмат сизге Улан байке жеткендерге жетет ырларыныз...
08.11.2014. 01:19
 kona_bmw
Аааа кучтуу кучтуу доске))))
10.12.2014. 12:41
 Bermet_Kasymova
Сонун++++++!!!
10.12.2014. 12:54
 Bermet_Kasymova
Эмне учун "Дагарага"?
16.02.2015. 22:56
 arema
ыр абдан жакты
28.02.2015. 11:47
 asel.bahtierova
Азаматсыз Улан байке мага ырларыныз абдан жагат, сиз чындыкты ган ырдайсыз дагы ырларды коп чыгара берин.
13.04.2016. 12:09
 Taalay_x007
Тата улан Сага мындай ырлар жарашбайт сен чындыкты айтып ырдашын керек айтайын дегеним Болотурган ырларды ырда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо