Руслан Нарынбаев "Унутпа"
03:41
3,36 Мб
Жүктөлгөн: 06-10-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(7 добуш)
Экөөбүз жолукчу жер көлдүн жээги, аба салкан
Күтүүдөн баскандарың бүгүн эртең, арбын-арбын
Шашкансып толкундарды кечип өттүм,
Кол сунуп жолугарда ойго чөктүм,
Оюмда эч нерсе жок кучактасам
Башкага жар болдум деп ыйлап өттүң.

Махабат бооруң ташпы, агыздың го көздөн жашты
Бактымды кармай албай, бул сүйүүдөн көңүл калды
Тилеген ой бар эле, дагы канча
Сөз бүтпөй сүйлөшчү элек ай чыкканча
Алтыным кош болгун деп кете бердиң,
Көзүмдөн акты жашым узаганча.

Кызарып күн жаңыдан тоого кирип баткан эле
Көл дагы коштошконсуп жээкке сууну чачкан эле
Кааларым бакыт-кушум кабарыңды
Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды
Кош эми түбөлүккө бактылуу бол
Унутпа сени сүйгөн адамыңды.

Комментарийлер (2)

06.10.2014. 19:23
 albina-92
Ушул ырды укканда отконго бир кайрылып бир эстеп алам.Эхх,бактылуу кундор...
17.10.2014. 10:14
 aykyz
Эээх ыйлагым келип кеттии, көзүмө жаш айланып(((Руслан азамат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо