03:17
7,48 Мб
Жүктөлгөн: 07-10-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Б.Сейитбекованыкы
Обону:А.Карымовдуку
Көчүрүү
Мээримдүү сөздөр менен жылыткансыз,
Жолдорду жолуктурчу унутканбыз.
Жээктерде дайра турса бириктирбей,
Баары бир сизди сүйөм унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрдү унутпаңыз.
Шамалга баш ийген бир булуттарбыз,
Шар жүрчү жолдор кайда унутканбыз.
Бирикпес күндөр барын билсем дагы,
Бир сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Кейитип сезимдерди курутпаңыз,
Кең жүрчү жолдор кайда унутканбыз.
Айрылуу арман барын билсем дагы,
Асылым сүйөрүмдү унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Комментарийлер (14)