Түмөнбай Колдошов "Мага кымбат"
04:18
4,92 Мб
Жүктөлгөн: 10-10-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү: Азада Бегимкулованыкы
Обону:Т.Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Мен үчүн акча деле кымбат эмес,
Отун ал, күкүрт жаксаң жанып кетет.
Мен үчүн мал, гилемдер дүйнө эмес,
Каптаса сел баарысын алып кетет.

Заңгырап турган үй да кымбат эмес,
Катуурак жер тербесе түшүп калат.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган суук сөздөн үшүп калат.

Мен үчүн ден соолук да кымбат эмес,
Соо туруп кокустуктан ажал жетет.
Бир кылым жашасам да өмүр эмес,
А өмүр көз ирмемде жанып өтөт.

Мен үчүн бийлик дагы кымбат эмес,
Жаш жетсе, жашыраагы алып кетет.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган ачуу сөздөн зилдеп кетет.

Мен үчүн уйку деле ширин эмес,
Түбөлүк уктап жатчу күн да келет.
Элимде эгер калса менден элес,
Жашоого миң жаралып келем демек.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган суук сөздөн,
Айтылган ушак сөздөн үшүп калат.

Комментарийлер (4)

13.10.2014. 16:17
 Gulsara_1986
Мен дуйнону апам менен тааныгым деген ырын да кошуп коюнуздарчы, сураныч
13.10.2014 17:57
admin_media
Gulsara_1986,
Саламатсызбы! Аракет кылабыз, рахмат!
14.10.2014. 15:49
 wolk85
Саламатсынарбы мен бактылуу болгум келет деген ырды жуктоп койунуздарчы.
03.03.2015. 15:20
 Nazmirjaz
баардык адам ушул ырдагыдай жашаса анда керемет дуйно болмок баарыбыз бейишке бармак белек ким билет...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо