Түмөнбай Колдошов "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"
03:19
3,8 Мб
Жүктөлгөн: 14-10-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Фатима Абдалованыкы
Обону:Т.Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.38/5
(8 добуш)
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле, магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды менен күлкүсүнөн тааныгам.

Комментарийлер (26)

14.10.2014. 22:20
 Mashirapovna
Супер абдан жакшы ыр
15.10.2014. 11:46
 Gulsara_1986
мааниси ото терен, уккум гана келет кечке, чыгармачылык ийгилик Туко
15.10.2014. 20:18
 aminuwka
Бул ырдын коркун Самара Каримова ачыптыр назик мээримдуу кылып . Ийгилик
08.03.2015 18:59
biikech0
aminuwka,ылжыратып ийгенго самара
15.10.2014. 20:20
 aminuwka
Васточный обондорго окшош экен озбекче индийский сыяктуу . Билбейм биздикилер окшоштурушатта
16.10.2014. 12:07
 isaasa
мага Самаранын ырдаганы жакты.назик ундору менен жеткирген.
16.10.2014. 14:24
 esennnn
Самара жеткире ырдаган
17.10.2014. 16:59
 alooke
Мага бул ырчынын обондору жага бербейт, жеке оюм. Салкын обондор жана ото философиялашкан, оор тексттер... Бек Борбиев, Айбек Карымов (сахнага жаңы чыгып баштагандагы кыргыз жыттанган обондорун айтам) Гүлжигит Сатыбековдукундай (жеңил ырларын эсепке албаганда) мукам, адамды өзүнө тартчу кайрыктар кездешпейт. Обончунун фишкасы - обондорунда жаңы, мурда кулак уга элек "добуш" болушу керек го...
18.10.2014 08:54
esennnn
alooke, мага да ошондой озбекчеге окшоттум
Комментарийлерди жашыруу
26.10.2014 10:52
millionaire_kg
esennnn, alooke, Силер озбекче укпай кыргызча уксанар, озбектерди кыргыздарга окшоштурат эленер, кыргыздар эч кимди эч убакта туураган эмес! Коралбастыгынар качан тыйылат?
20.10.2014. 18:34
 Samandar
Сураныч Тумонбай сенден ушул ырды аккордеондун аткаруусунда жуктоп коесунарбы,рахмат кутообуз
20.10.2014. 18:36
 Samandar
Тумонбай ОЗУ сонун ырдаган концерте,Самара Отто эле назик кылып жиберген бирок сонун ырдаган ал да
21.10.2014 01:38
finalyear2014
Samandar, Туура.
26.10.2014. 15:01
 infomit
самарага караганда Тумон озу жакшы ырдайт. Мага Самара вообще жакпайт.
03.11.2014. 14:05
 mfop
аккордеон менен да ырдаган экен ушул ырды, жуктоп коюнуздарчы сураныч
05.11.2014. 22:56
 Rusbubu
Тумон байке сизге ийгилик. Сиздин ырларынызды суйуп угабыз.
10.11.2014. 11:24
 finalyear2014
Кундо он жолу . жуз жолу уксан да кайра эле уккун келе берет.
17.11.2014. 22:43
 zhyr
супер супер алга тумонбай брат ийгилик
23.11.2014. 21:12
 erali
Апалар учун ГИМН деп койсок болчудай!
23.11.2014. 21:18
 kadam
Түмөнбайдын ушул ырды аккардеондун коштоосунда ырдаганы абдан жакшы.Сураныч, жүктөп койсоңор.
24.11.2014 10:59
admin_media
kadam,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
26.01.2015. 23:15
 tin90
Кандай керемет ыр энемди козумо бир элестеп алам ушул ырды укканымда, жакшы ырдаган Самара Каримова да жакшы ырдаган баракелде ушундай ырларды жазып энелердин батасын алып журо бериниз,ата жонундо да бир ыр чыгарып коюнузчу :);
26.01.2015. 23:17
 hastamanana
Esimde,bul yrdyn eki sabyn bir jerden ugup kalyp,aiabai izdedim.Je yrdyn atyn,je atkaruuchu kim ekenin bilbei aiabai ubara bolgomun.Keremet yr. Maanisi teren,jetkiliktuu.Rahmat avtorlorgo.
22.06.2015. 13:29
 Zarema94
Эн мыкты!
13.07.2015. 17:15
 gitaris93
Эн мыкты Самара ото ичке кылып салган
15.05.2016. 12:57
 muke.1971
Кезекти эми тумонбайга бергиле ,бул да болсо жан ачлш ,биз жон гана жан обондорго конбой жатабз ,мурунку обондор кулагбзга синип калган ,уккубуз келе берет ,тумонбай бул жан ачлш жан кайрктар жан обон оргуп кайнап турган вулкан ,ийгилик сага даг да жан обондор жарата бер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо