Асанкалый Керимбаев "Кусалык"
04:28
4,1 Мб
Жүктөлгөн: 04-05-2010
Сөзү:Ж.Мамытовдуку
Обону:А.Керимбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.65/5
(23 добуш)
Кезигип жылдардын бир жылдарында,
Кайырсыз айлардын бир айларында.
Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,
Жер чийген чачтарыңа байладың да.

Тирүүлүк бүтүн бойдон тушап алып,
Түшүүдө өмүр менден ушаланып.
Узун түн элесиңди унута албай,
Унчукпас болуп кеттим кусаланып.

Коноктой күндөр өтөт алчыланып,
Күмүш сап камчы менен камчыланып.
Бой таштап тегирмендин парасына,
Кээ күнү калгым келет кайчыланып.

Көз түшүп көк көйнөкчөн убагыңдан,
Арбын жыл атың кетпей кулагымдан.
Түшүмө киришиңди күндө тилеп,
Уктаарда угузбастан дуба кылам.

Комментарийлер (49)

22.10.2010. 02:21
 Partos
А.Керимбаевдин *Студенттик кундор* деген ыр кимде бар,кайсыл жерден тапсам болот?Бул ырга соз жок супер.
19.11.2010. 14:15
 Shekerbek
класс! Р.Абдыкадыров, А.Керимбаев, Т.Эшбаев ундоруно эч кимдин уну жетпейт !!!
19.11.2010. 14:17
 Shekerbek
Бир ыры бар ошол ырды таппай журом, мындай деген жери бар
-"Сенден сулуу болсо да ...."
19.11.2010. 14:22
 talisman
Шекербек сиз Асанкалый Керимбаевтин Сендей мага деген ырын издесениз керек.
01.12.2010. 20:29
 Romantic
bahhhh 4irkin,ukkun ele kelet da)
01.01.2011. 02:29
 solnce
Daa klassnaya pesnya!!!!
15.01.2011. 05:35
 timurlan
Мындай ырлар кайрадан жаралбайт.Кечке уксан дагы жадабайсын.
06.03.2011. 01:03
 tokobrat
Жолон Мамытовдун укмуштай сонун ыр саптарына, Асанкалый Керимбаев укмуштай сонун обон жаратып койгон. Ж.Мамытов да, А.Керимбаев да тируу болушканда дагы коп шедевр ырларды жаратышмак.
30.07.2011. 01:49
 ernest
salam
12.09.2011. 17:12
 RIELTOR
Созуно Обону топ келген! Эн мыкты денгээлде аткарылган.Ушундай кыргыздын ырларын укканда кыргыз болуп жаралганыма суйунуп кетем.
21.10.2011. 12:21
 narke1812
апам ырдачу эле ушул ырды уккулуктуу ыр эмне деген создор
28.10.2011. 14:08
 maybeck
бир ырда узун жашоонун мазмуну берилиши мумкунбу? оа. бул ошондой ыр
07.11.2011. 03:21
 Mir87Dan92
Ой Чиркин карачы ай кандай керемет чыгарма ээ?
24.02.2012. 15:57
 misha
откон кылымда адамдар ички сезимдерин соз обон менен бере алган, бул кылымда озу ички сезим, жан-дуйно баары жок болуп баратат, анан кайдагы создор
24.04.2012. 20:54
 Arsongseng
рахмат байке жаткан жериниз жайлуу болсун!
18.05.2012. 11:57
 Mamyt
коктон издегеним жерден таптым дегендей ушул ырды издеп жургом,рахмат супер-инфо жамаатына.ишинерге ийгилик. Новосибирск
23.05.2012. 14:59
 Sema80
Супер суранам агайдын дагы бир сонун ыры бар го Гулкайыр созу Ш. Дуйшеевге таандык ушул ырын да кошсонор сонун болоор эле таап бергилечи мин жолу суранам
23.05.2012 15:33
MiranA
Sema80, мынакей http://www.super.kg/media/?type=audio&id=66677
30.05.2012. 20:27
 aybek.shermambetov
Bul insan agabyz bizdin yr duinobuzdo ech ochpoit jana taazim kylabyz.Dagy kop yrlray bar da, osholordon koshsonor chon rahmat sizderge.
20.09.2012. 12:25
 strangergirl
Эн сооонун ыр, шедевр десек да болот. жакшы кором ушул ырды
27.12.2013. 20:48
 box
Алишер Тоотаев ырдаган версиясы болсо жүктөп коё аласыңарбы ?
27.12.2013 21:22
admin_superstan
box, Саламатсызбы! Таап, жүктөп койгонго аракет кылабыз!
11.04.2014. 22:11
 nursultan96
сурер соз жок.
06.11.2014. 12:00
 chyngyz84
Asangalyi agabyzdyn, myndai yrlary taryhta kalatgo.
03.03.2015. 02:01
 tin90
когчёучконум ырын жуктоп коюнуздарчы
09.03.2015. 16:36
 Bili
Ушул ырды С.Садыралиев ырдап чыкпайсынарбы.... Сизге ылайык ыр!!!
25.04.2015. 22:59
 Akjeget40616
маладэс
12.11.2015. 12:10
 amanatym
азыркы ырчылардын ундору жетпейт, андан коро ырдабай биринчи уйронушсун кантип ырдашты.
02.02.2016. 18:02
 gulkar
Ушул ырды таппай журдум эле.рахмат Админ
01.05.2016. 02:49
 ARTUR83
Супер инфо Асанкалый Керимбаевтин Энекем деген ырын жуктоп койсонор эки жылдан бери ошол ырын кутуп журом.рахматARTUR83 түзөттү 2016-05-01 02:54:24
03.05.2016 11:34
admin_media
ARTUR83,
Саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо порталга жүктөлөт, сунушуңузга рахмат!
12.06.2016. 14:00
 chyngyz84
Эх сонун ыр!
20.09.2017. 13:51
 Kudiaiko
Мааниси терен ыр да.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо