Бегиш, Самат Дөөлөтбаков "Махабат"
03:36
8,56 Мб
Жүктөлгөн: 22-10-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Акбар Сүйүмбаевдики
Обону:Назгүл Токтакунованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(5 добуш)
Бул эки жүрөк махабаты,
Бул сырлар алар жүргөн катып,
Кайталап улам, сактап жүрөгүндө атын.
Ойлоп түнү бою уктабастан ойго жатып.

Күн өтүп бүгүн калдым кезигип,
Чырайың баштагыдай сезилип.
Жанга жагымдуу, айтам арзуумду,
Жылмаюуң, күлгөнүң, сүйкүм жүргөнүң.
Өзгөрбөй татынасың дагы эле,
Өткөн күн болгонсуду жаңы эле.
Жанга жагымдуу, айтам арзуумду,
Жылмаюуң, күлгөнүң, сүйкүм жүргөнүң.

Кайырма:
Сенде махабат, өчпөдү менде махабат,
Тартылам сага жүрөктөн сүйүү арнап, сүйүү арнап.

Сага арнап карабадым башканы,
Жалгыз сен жүрөгүмдүн тапканы.
Кара көздөрүң, жылуу сөздөрүң,
Каратып, саматып кооздоп күлгөнүң.
Алдабайм, ишенип кой сезимге,
Жагасың, сени бербейм эч кимге.
Кара көздөрүң, жылуу сөздөрүң,
Каратып, саматып кооздоп күлгөнүң.

Кайырма:

Бир сен бар болуп, мен сага зар болуп,
Экөөбүз бирге болгон кезде бул дүйнө тар болуп.
Эгиз жүрөк сенде жүрөт, алыс болсоң калам жүдөп,
Бир өзүңсүз өтпөйт мүнөт, табылбас го сендей түгөй.
Ойнобоймун оюнду, түшүн менин оюмду,
Менин бактым сенсиң, калган күмөндөр жоюлду.
Жалгыз өзүң керексиң, бир сүзөлү сүйүү кемесин,
Жараткандан белексиң, балдарымдын болчу энеси!

Кайырма:

Комментарийлер (14)

23.10.2014. 04:46
 Beka1986
"Ак жоолукту кыйгач байлап назданып,болбой калдым колукту"-деген ырды таппай жатам,жардам бергилечи,суранам
25.10.2014 00:05
k_medi04
Beka1986, Токтобубу Черикчиева ырдайт колукту деген ыр
23.10.2014. 08:04
 Takewiro
jakwy yr
23.10.2014. 13:14
 Shako-1
Kokustan chan juguzup albaiyn dep
degen yrdy kim yrdait admin taap berip koigulachy suranych
23.10.2014 13:38
admin_media
Shako-1,
Саламатсызбы! Бек Исраилов "Карындашым" http://www.super.kg/media/video/85287/
23.10.2014. 20:51
 Maksat94
татынакай жар экенсин табышмактуу. Деген ырды табып берип койунузтарчы сураныч
23.10.2014. 23:13
 kg.elik
Бегиштин сени жаным сагынбаймын деген ырын таап бериниздерчи сураныч
24.10.2014. 11:03
 adilet_3234
Beka1986 Токтобубу Черикчиева ырдайт издесен Тдан
24.10.2014 16:00
Hazard93
неге Элмирбек Иманалиевдин ырларын жуктобойсуздор.? Жуктоонуздорду отуном..
Комментарийлерди жашыруу
24.10.2014 16:34
admin_media
Hazard93,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
24.10.2014. 16:40
 yzyldabagyla
Саламатсызбы админ биз ал кезде жаш елек сут озумдан кете елек жарты нанды беш уулун тен болушуп жечу елек чындык созду талашса апам чексин дечу елек ошол кундор бактылуу ал есимден кете елек деген ырды ким ырдашын билип бергилечи алдын ала рахмат
10.12.2014. 22:58
 Anjella89
Самат ортосунда соонун ырдаптыр
08.05.2015. 23:50
 kanybektagaev007
Ушундай ырлардан дагы жараткыла жакшы чыккан
12.09.2015. 20:03
 miwka94
Саламатсыздарбы ?
Гонщик таксист киносундагы ырды ким ырдайт сураныч айтып койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо