Айар "Кызыма"
03:27
3,94 Мб
Жүктөлгөн: 23-10-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.72/5
(18 добуш)
Апаппак сенин бетиңден, кызым,
Аймалап жыттап эзилсем, кызым.
Алланын берген белеги сенсиң,
Аябай окшоп бейишке жытың.

Жайлоодо гүлдөй ачылган, кызым,
Жалтырап нурдай чачыңдан, кызым.
Жараткан өзү мээримин төгүп,
Жүрсүнчү сылап башыңдан, кызым.

Кайырма:
Жаралган аруу сезимден, кызым,
Жалжылдап жанган көзүңдөн, кызым.
Жараткан мага "мен бармын" деди,
Жөнөтүп белги өзүңдөн, кызым.

Көзүмө сүртсөм өңүмбү, кызым,
Көөдөнгө нуру төгүлдү, кызым.
Кудайым колдоп көтөрүп турчу,
Күлкүң көп чыгып көңүлдүү, кызым.

Кайырма:

Комментарийлер (11)

23.10.2014. 20:23
 Ak_TiLeK
Класс
24.10.2014. 08:52
 Takewiro
tekstin kowup koiunuzdar surany4
24.10.2014. 13:25
 bek_il_1980
Рахман Admin, Айардын ушул ыры аябай жакты!!!!!!!
25.10.2014. 21:26
 mika_mina
Эх..
Сонун ыр экен!
Бул ырдын созу кимдики обону кимдики ошол жонундо маалымат берип койосуздарбы?
16.11.2014 13:27
Raumaa
mika_mina, созу Темирлан Зарлыкбек уулунуку.
26.10.2014. 19:11
 nurti_cr7
укмууш
22.11.2014. 01:08
 MEDEROLLA
Обону, аранжировкасы Эдил Маматовдуку болсо керек
16.12.2014. 05:12
 Zair_Alimov
Jakwyy yr ayar supersin!))
23.12.2014. 01:29
 9torres
Керемет
19.02.2015. 18:53
 orgochor14
Menin kelinchegimdin klasstawy eken da. Azamat jakwy yr jaratyptyr. Yssyk koldun jyldyzy bolot go Andaw ekoo. )))
21.11.2018. 17:59
 anandi
жакшы ыр Аяр ийгилик кыздарым менин байлыктарым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо