Түмөнбай Колдошов "Жыйырма жаш"
02:57
5,4 Мб
Жүктөлгөн: 24-10-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Улукбек Омокеевдики
Обону:Т.Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(2 добуш)
Тойбогон ышкыга мас, сүйүүгө мас,
Тойдо жаш, көчөдө жаш, жыйында жаш.
Турмуштун ачуу-таттуу жагдайларын,
Түшүнө баштаган кез жыйырма жаш.

Кайырма:
Тойбогон ышкыга мас, сүйүүгө мас,
Толукшуп толуп турган жыйырма жаш.
Уктабас узун түндө тыным албас,
Уурдаба ууз сүйүүмдү жыйырма жаш.

Арзууга бул куракты эрте дебес,
Апакем эми мени эрке дебес.
Оргуштап күчкө толуп турган менен,
Ой баскан оолуттуумун, тентек эмес.

Кайырма:

Өмүрдүн калып майда белестери,
Өткөн күн көз алдыма элестеди.
Балдарын койнуна алып ойнотууда,
Баягы мен чоңойгон элет жери.

Кайырма:

Суктанып сулуу кыздын жамалына,
Сүйүүдөн сыя топтоп каламыма.
Белесин ашып өтүп жыйырманын,
Баратам отуз жаштын дабанына.

Кайырма:

Комментарийлер (5)

25.10.2014. 00:45
 finalyear2014
Сонун
26.10.2014. 10:50
 Mukadas
Эн сооооонун ыр!ОшМУнун сыймыгы сиздерсиздер Тумонбай агай,Улукбек агай !!!!!
26.10.2014. 14:31
 esennnn
Детский обон экен 2 жаш деп бала бакчадагылар ырдаса болот
30.11.2014 12:46
Ayka1994
esennnn, ырды баалап,ырды тушуно билууну ар бирибизге насип этсин эгер 2жаштагы бала ырдайтурган болсоМодератор admin_media түзөттү 01.12.2014 17:56
27.10.2014. 04:54
 suyor
Эн жакшы ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо