Рыспай Абдыкадыров "Издейм сени"
04:11
3,84 Мб
Жүктөлгөн: 05-05-2010
Жанр: Ретро
Сөзү:Ж.Мамытовдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.54/5
(24 добуш)
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.

Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.

Комментарийлер (29)

05.05.2010. 20:13
 Адам
Эң соннун биздин кыргыз классиктери!!! Баа жеткис!
06.05.2010. 04:55
 aizita
menin altyn apam menen atamdyn zamanyndagy yrlar. ukkuluktuu, kancha ubakyt otup tursa dagy eskirbeit...
06.05.2010. 11:31
 Joldoshbek
maga dagi jagat, jakshi ir.
07.05.2010. 13:39
 LIVER
Эн жакшы ыр, Мына ушуну ыр десе болот.
07.05.2010. 18:14
 Адам
Супер-Инфо, ушул ырдын сөздөрүндөгү кээ бир каталарды кичи пейилдикке оңдоп коюңуздар. Алар төмөнкү жерлерде:
1) 2-куплеттин 2-сабында
Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
.....(сөздөр ката жазылган).

2) Ошол эле куплеттин 5-сабында "дайым сен деп" деген сөздөр бир жолу эле жазылат.

07.05.2010. 18:18
 Адам
3) 3-куплеттин акыркы сабында "ажарыңдан" дегенден кийин "бир өзүң деп" деген сөз жазылат.

4) 4-куплет толугу менен жазылбаптыр. Жазып коёсуңарбы, бул ырды аябааай сүйөм да! Чоң рахмат!

Супер-Инфо:
Адам, рахмат түзөтүүлөрүңө. Оңдоп койдук. Башка форумчулардан дагы сын-пикирлерди күтөбүз.Модератор super түзөттү 10.05.2010 13:14
11.05.2010. 23:11
 osobiy
супер песня!! мыкты ырга мыкты деген баа...
12.05.2010. 04:47
 Arstan
Оо кндай гана тунук ун тунук ыр просто кайф кыласында.Башкача жашоону элестетем.Дагы кобуроок ырларын кошсонуздар сонун болот эле.
15.05.2010. 16:16
 MIRJAMEL
Терен урматтайм!!!Залкар композитор!!!Бул ыр мага аябай жагат!!!Эххх угуп жатып эс аласын!!!
24.05.2010. 14:34
 Persik
Модератор чоон ырахмат!Тизмекти ачсан эле кайдагы майда-чуйдо ырчылар,залкар ырчылардын ырларынан бироо да жок.Силердин сайтынарга жалан гана жаштар кирет деп ойлойт окшойсунар?
02.08.2010. 03:48
 dekg
myna yr degen ushundai bolush kerek ele deim da
26.11.2010. 01:48
 chingiz
atam ekoobuz bul yrdy a9bai jakwy korobuz....
03.12.2010. 20:12
 Sadaga
jon ele jan ergitet...
30.07.2011. 20:47
 EmMiR
Сен ааламга издетууго жаралсан, Мен ааламга сени издоого келгенмин.
07.08.2011. 02:23
 eru6lovesjani
Эң сонун!
08.09.2011. 16:04
 Jakshilikova
ИИИ ала кет!!!
12.09.2011. 17:13
 RIELTOR
соз жок.............
26.11.2011. 17:15
 men70
Рысбай Ага Сиздин жаркын элесиниз Кыргыз журтунузда туболук жашайт!
22.03.2012. 12:47
 elnurakai
Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгынын апогейи дал ушул "Издейм сени" ыры болгон. Соонун ыр.
25.03.2012. 18:58
 jigit92
Бул ретро эмес классика
05.06.2012. 19:53
 Axe
Мааниси бар ыр...
23.08.2012. 13:11
 asuman
мен издеп жургон эн суйуктуу ырым.
02.12.2012. 14:26
 toktorbai
Жакшы ыр.
20.03.2013. 01:23
 AzamatKG
Издейм сени, ичип жаткан чайымдан.
Тиктейм сени, тиштеп жаткан нанымдан...
09.05.2014. 11:06
 kalbek87
Урматтуу! Супер инфо Рыспайдын "Гудор узбой кутомун" деген ырын да киргизип койгулачы сураныч.
28.09.2014. 03:00
 Ibragim864
Кыргыздын генийи,Рысбай акенин чыгармалары баа жеткис.Сиздин атынызды дайыма урмат менен атайбыз!Жаткан жериниз бейиш болсун!
25.05.2015. 02:28
 ulanamirbekov
Супер инфо сураныч ушул ырды жуктоп койгулачы Байкоосуздан сага кабылдым,
Кайдан жүрүп, неге табылдың?
Элестериң бура бастырбай,
Ээлеп алдың баарын жанымдын
25.05.2015 03:03
Biinura
ulanamirbekov, Жылдыз Тутуева ырдайт. Сагындым деп аталат.Biinura түзөттү 2015-05-25 03:06:57
25.05.2015 09:50
damir007
ulanamirbekov,
http://www.super.kg/media/audio/83501/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо