Түмөнбай Колдошов "Бүтпөс арман"
03:03
3,49 Мб
Жүктөлгөн: 29-10-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Айжаркын Эргешованыкы
Обону:Т.Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.75/5
(4 добуш)
Кайрылгыс жомок кезди эске салып,
Түшүмө кирдиң бүгүн айсыз түндө.
Чыркырап жанып турдум кете албай,
Алыскы биздин аалам, биздин күнгө.

Турмушум жаным ошо түштө калып,
Боштукта аңылдаган кууруламын.
Карттанган жарам сыйрып жөн кирбедиң,
А балким, ушул түнү сен ыйладың.

Жашоого кайрыла албай турам азыр,
Сени жок окшош күндөр коштоп алган.
Сыягы башым менен кошо жатат,
Сен деген, сен, сен деген бүтпөс арман.


Комментарийлер (2)

30.10.2014. 08:27
 anasov.93
Түмөнбайдын бардык ырлары жагат экинчи Ырысбай деп эсептейм
04.01.2017. 17:42
 azigulbu70
Жүрөктү эзген ырларыңыз бар, аман болуңуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо